Эмне үчүн өспүрүм балдар “мени эч ким түшүнбөйт” деп көп айтышат?

2020.09.28, 18:13
911

Эмне үчүн өспүрүм бала менен мурдагыдай сүйлөшкөн болбойт? Эмне өзгөрдү? Ага кандай мамиле кылуу керек? Bilesinbi.kg бул суроолорго жоопту психолог Карлыгаш Акимкуловадан алды.

  1. Эмне үчүн өспүрүм балдар менен мурдагыдай сүйлөшкөн болбойт?

Өспүрүм курак бул “баланын чоң кишиге айлануу процесси”. Анын дене түзүлүшү эле өзгөрбөстөн, жүрүм-туруму, кыялы да өзгөрөт. Ата-эненин башкы милдети  - баласына чоң адам болууга уруксат берүү жана шарт түзүү.

Бул процесс жеңилирээк өтүүсү үчүн өз алдынча чечим кабыл алуусун колдоңуз. Аны менен чоң кишидей сүйлөшүңүз. Көбүрөөк угуп, фантазияларын, кыялдарын кабыл алуу керек. Эскертүү! Эч убакта баланын айтып берген окуяларын шылдыңдап, сын тагып, акылсыздык деп күнөөлөгөн болбойт. Башка балдарга салыштыруу да жакшы натыйжа бербей турганы эсиңизде болсун.

  1. Балада эмне өзгөрдү?

10 жаштан 17 жашка чейинки мезгил аралык өспүрүм курак болуп саналат. Ар бир балада бул процесс ар кандай өтөт. Айрымдарыныкы билинбейт, кээ бирлериники абдан оор болот. Бирок бир окшоштук бар: ар дайым ата-эне менен баланын ортосундагы карым-катнашта көйгөйлөр жаралат. Бул нормалдуу көрүнүш.

Анткени буга чейин бала үчүн ата-эне идеалдуу адамдардай сезилет. Алардын ар бир айткан сөзүн чындык катары кабыл алып, айтканын аткарууга аракет кылат. Бала чоңойгон сайын ата-энесинин кынтыксыз образы бузула баштайт. Айлана-чөйрөнү, адамдарды, мамилелерди, көрүп, изилдеп, салыштырат. Ата-энеси да жаңылып, ката кетирип, адашып, алсыз болоорун көрөт.

Мындайда ата-энеге эле эмес, мугалимдерге, улуу бир туугандарына да кыр көрсөтөт, сындайт, кабыл албайт. Ошол эле учурда өзүн издейт. Сырткы келбетин, мүнөзүн, көз карашын өзгөртүүгө, эксперимент жасоого умтулат.

Мындай чыңалуудан кыйналып, айрымдары тырмагын тиштеп, тамеки чегип, таттууну көбүрөөк жеп калышат.

  1. Өспүрүм баланын оройлугун кандай кабыл алуу керек?

Башкысы, ага да ошондой мамиле кылып, жооп кайтарып, анын деңгээлине түшпөңүз. Ар дайым өзүңүздү кармаганга аракет кылыңыз. Жайдары бирок так жана өзүңүзгө ишенимдүү сүйлөңүз, орой мамиле кылууга эч качан жана эч кимге жол бербей турганыңызды айтыңыз.

  1. Өспүрүмдүн жалкоолугуна кандай реакция кылуу керек?

Мактоо, мотивация берүү, чексиз мээрим төгүү – бул жалкоолукка каршы эң мыкты каражаттар. Өспүрүм эч нерсе кылбаганы менен ата-энесине баш ийүүгө каршы экенин көрсөткүсү келет.

Макулдашып алып, күндө бир маал бош убакыт бөлүп бериңиз. Ошол учурда эч нерсе жасабай эле койсо болот, же өзү каалаган ишин кыла берсин.

Бирок анын үй-тиричилигине жана окуусуна тиешелүү милдеттери болууга тийиш. Алар кайсылар экенин да тактап алгыла жана эскертүүсүз аткарылуусун талап кылыңыз.

  1. Эмне үчүн өспүрүм балдар “мени эч ким түшүнбөйт” деп көп айтышат?

Көп учурда өспүрүмдөр кандай сезимдерге туш болуп жатканын, эмне себептен ичи уйгу-туйгу болупжатканын түшүндүрүп бере алышпайт. Ал эми чоңдор аларды аягына чейин угууга чыдамы жетпейт, же колу бошобойт. Ата-энелер балдарынын көйгөйлөрүн оюнчук көрүп, олуттуу мамиле кылбайт. Ооба, чоңдор көбүнчө: “ушуга да кайгырасыңбы?”, “ушу да проблемабы?”, “башымды оорутпачы”, “кайдагыны айтпачы” ж.б. деп жооп беришет. Алар үчүн бул убакыт бөлүп чече турган маселе эмес.

Ал эми өспүрүм бала үчүн анын көйгөйлөрү олуттуу, ошолорго сарысанаа болуп, кейийт. Гормондор толкуп, денеси өзгөрүп, түрдүү комплекстер жаралат. Көпчүлүгүнө сырткы келбети жакпайт. Ал аны түшүнгөн жана кабыл алган адамды издейт.

  1. Эмне үчүн бала чоңойгон сайын ата-энесине эч нерсе айтпай бөлүшпөй калат?

Ата-энеси тараптан түшүнбөстүктү көргөн бала бара-бара алардан алыстай баштайт. Ички сезимдерин теңтуштарына, сырттагы бөлөк-бөтөн кишилерге айтып берүүнү эп көрөт. Социалдык тармак, компьютердик оюндар, достор аркылуу көйгөйлөрүн унутууга аракет кылат.

Мамилени сактап калуу үчүн ар дайым бала менен байланышта болуп туруңуз. Эмнеге кызыгат, алдыга койгон максаттары кандай, эмнени жактырат? Күндө бир маал отуруп, бала менен сүйлөшүүнү адат кылып алыңыз. Бирок, өкүм чыгарып айыптабаңыз, сын такпаңыз, шылдыңдабаңыз, салыштырбаңыз.

Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Балага тарбия берүү тууралуу кызыктуу макалаларды бул жактан окусаңыз болот:

Уулум атасынын жок экенин билбесе экен деп, каалаган оюнчугун алып берем

Үч жаштагы балам чочосун кармай берет, кантип койдурам? Психологдун кеңеши

Ата-энем мигрант, таежем жини келгенде мени себепсиз эле уруп салчу

Жерге жата калып ыйлаган балдарга кыжырым келчү, эми өзүмдүн балам так ошондой

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт