// //

Уулум атасынын жок экенин билбесе экен деп каалаган оюнчугун алып берем

2020.04.12, 15:22
2364

Саламатсызбы. Менин үч жаштагы балам бар. Өтө тентек, айткан сөздү укпайт, өзүнүкүн бербеген көк бет. Кичинекей балдар менен ойной албайт, бат эле урушуп кетет. Бакчадан да эжейлери көп арызданышат. Акыркы кезде тырмагын да тиштеп салчу болду.

Атасы жок, балким ушугабы деп да ойлоп жатам. Көп эркелетип көзүн карайм. Атасынын жок экенин билбесе экен деп, каалаган оюнчугун алып берем.

Мен туура кылып жатамынбы? Кандай тарбиялашым керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.04.2020, 15:23

Карлыгаш Акимкулова

Психотерапевт

Саламатчылык. Бала атасынын жок болгону үчүн сиздин боор ооруганыңызга муктаж эмес. Ага толтура оюнчуктун да кереги жок. Ашыкча эркелетүү орунсуз.

Мага ишенип коюңуз, азыркы тапта уулуңуз атасынын жоктугунан запкы тартпай эле. Андан көбүрөөк сиз жабыркап жатат окшойсуз. Өзүңүздүн кайгырып, кейип-кепчигениңизди балага да жүк кылып жатасыз.

Үч жаштагы балага толгонтокой оюнчук же таттулар эмес, апасынын өзү керек. Апасы жанында болсо, аны менен көбүрөөк ойносо, аны кучактап эркелетсе, бирге китеп окуп, сүрөт тартышса. Бала ушуга муктаж.

Кичинекей балдар тамырчы болот. Ал сиздин эмоционалдык абалыңызды ички туюму менен сезип жатат. Апасы ачууланып, нервтенип, өзүнө ишенбесе, бала да өзүн так ошондой алып жүрөт.

Апасы өзүнө ишенбей, куру санаа болгонуңуз үчүн тырмагын жей баштады. Биринчи кезекте жардам сизге керек. Өзүңүздүн ички дүйнөңүздү жана жеке жашооңузду бир калыпка келтириңиз. Шартыңыз болсо психологго кайрылыңыз.

Бактылуу болуңуз!

Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден окусаңыз болот:

Эркек баланы тарбиялоодо ата-энелер кетирген 5 жаңылыштык

Кыздар акырын сүйлөйт, эркек балдар ыйлабайт. Ата-энелер кетирген жанылыштыктар

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт