// //

Үч жаштагы балам чочосун кармай берет, кантип койдурам? Психологдун кеңеши

2020.04.06, 11:05
2611

Уулум май айында үч жашка чыгат. Бир жылдан бери басса-турса чочосун кармай берет. Урушуп да, коркутуп да көрдүк, бул адатын эч эле калтырбай жатат. Уктап калса да колун чыгарбайт. Сүннөткө отугузганбыз, ал убакта жакшы эле жүрдү, айыккан соң кайра баштады.

Кечке кармалап, тургузуп ойнойт. Бул жаман экенин билебиз, кантип калтырсак болот адатын?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.04.2020, 11:06

Карлыгаш Акимкулова

Психолог

Кичинекей балдар 2-3 жашынан баштап өзүнүн кыз же эркек экенин түшүнүп, айырмалай башташат. Эркек балдар чочосун көрүп, аны кармалап ойногондо жагымдуу сезимдер болоорун билишет.

Бирок, балдарда бул убактылуу гана нерсе болот. Сиздин айтымыңызда уулуңуз көптөн бери кармалап ойнойт экен. Бул жерде бир нече себеп болушу мүмкүн.

Көбүнчө мусулман үй-бүлөлөрдө эркек баланы жогорураак көрүп, анын чочосу бар болгону үчүн мактап, ошонусу менен сыймыктанышат. Эркек бала да ата-энесин көрүп өзү менен сыймыктанат. Мисалы “апчүңдү берчи” деген оюн бар, анда бала улам-улам чочосун кармап, элге берип, чоңдорду кубанычка бөлөйт. Албетте элди күлдүрүп жатса, кайра-кайра кармагысы келет. Ата-эне өздөрү байкабай балада онанизм оорусун пайда кылышат.

А балким тескерисинче, баланы көп урушасыңар, ал коркот, кооптонот, анан чочосун кармаган сайын кичине алаксый түшөт. Ошентип өзүн-өзү стресстен арылтат.

Кандай болгон күндө бул адатын калтыруу керек. Бирок кантип?

Башкысы урушпагыла, коркутпагыла. Силер урушкан сайын бала нервтенип, ого бетер кармагысы келет. Эс тартып калгандан кийин силерден жашынып деле кармай берет. Болгону көңүлүн башка нерсеге буруп алаксыткыла, колуна оюнчук карматкыла. Жайдары эле, антип ойногон болбойт, чочосу заара кылганга керек, бул оюнчук эмес деп түшүндүргүлө.

Уктатканда капталына жаткырып, колдорун жууркандын сыртына чыгарып койгула. Жанына өзү жакшы көргөн жумшак оюнчугун да кучактап жат, деп берип көрсөңөр болот. Негизи эле уулуңузду көбүрөөк кучактап, эркелетип, бирге ойноп тургула. Балким, ал сиздин көңүлүңөргө муктаж болуп жатат?

Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт