// //

Ата-энем мигрант, таежем жини келгенде мени себепсиз эле уруп салчу

2020.03.25, 11:09
1939

Саламатсызбы. Менин ата-энем коңшу өлкөдө эмгектенишет. Кичине кезимен бери эки байкем менен таежемдин колундабыз. Ата-энебиз жумасына бир келип турушат.

Эмнегедир таежем байкелеримди көбүрөөк жакшы көрөт. Жини келгенде мени себепсиз эле уруп салчу. Сабакка кечигип жатсам, үйдү жыйнап кет, деп мектептен алып калаар эле. Сабакка көп барбагандыктан жетишкендигим да төмөндөп кеткен.

Апама даттансам, “кичине бала оозуна келгенди оттой берет” – деп таежем айтчу.

Байкелерим мага жардам бергендин ордуна, “мээң иштебейт” деп шылдыңдашчу. Азыркыга чейин апама “кызыңыз көк бет” деп арыздана беришет. Мен байкелеримди айтсам, апам “эч нерсе болбойт, байкең да” деп коет.

Азыр 18ге чыктым. Мурун көп маани берчү эмес элем, азыр мындай сөздөр  капа кылат. Ойлоно берип депрессияга түшүп кетмей болдум. Апамдын мээримине зар болуп чоңойдум, аны менен курбу катары сырдаша албайм. Ал мага барын алып берет, бирок экөөбүздүн ортобузда жакындык жок.

Эмнеге башка үй-бүлөдө төрөлүп калбадым экен, деп күндө ыйлайм. Кеңеш бергилечи эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.03.2020, 11:10

Карлыгаш Акимкулова

Психотерапевт

Бала үчүн ата-энесинин жанында болушу өтө маанилүү, андыктан силердин атаңар менен апаңар кичине кезиңерде алыс болгону кейиштүү көрүнүш. Тилекке каршы, алар иш издеп алыска кетүүгө аргасыз болушту. Бул сиздин үй-бүлөдөгү гана көйгөй эмес, Кыргызстанда балдарын таштап алыска кеткен үй-бүлөлөр көп.

Телегйи тегиз болуп турса, ата-энеңиз сизди жана байкелериңизди таежесине таштап кетпесе керек. Ооба, сиз байкелериңизге караганда көбүрөөк кыйналып калдыңыз. Анткени кенедей кыз элеңиз.

Таежеңиз сизди өз кызындай жакшы көрүп, жылуу мамиле кыла алган жок. Бирок сиз аны күнөөлөй албайсыз. Ал сизди жакшы көрүүгө милдеттүү эмес. Ансыз деле бөлөк үч баланын жоопкерчилигин, түйшүгүн мойнуна алыптыр. Ал эми байкелериңизге бала кезинен карындашына кам көрүп, аны коргоп туруу керек экенин эч ким айтып, үйрөтпөсө керек.

Апаңыз менен атаңыз алыста болгону менен жумасына бир жолу келип турушчу экен. Каалаган нерсеңиздин бардыгын алып берет экен. Катыңызды окуп, апаңыз сизди аябай жакшы көрөрүн түшүнсө болот. Болгону, экөөңөргө тең бири-бириңерге көбүрөөк көңүл бөлүп, көбүрөөк бирге убакыт өткөрүү зарыл.

Апаңыз менен ачык сүйлөшүп, сизге эмне жетпей жатканын, кандай мамилеге муктаж экениңизди айтып бериңиз. Апаңыз сизге курбу эмес. Ал эч качан курбу болбойт, жана болууга милдеттүү эмес. Ал сиздин апаңыз!

Жүрөгүңүздө катылып турган таарыныч жана нааразычылыктарды кое берип, кереги жок жүктөн бошонуңуз. Шартыңыз болсо психологго жардамга кайрылыңыз.

Бактылуу болуңуз!

Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт