// //

Жерге жата калып ыйлаган балдарга кыжырым келчү, эми өзүмдүн балам так ошондой

2020.03.19, 11:30
1989

Менин сегиз айлык балам бар. Күндөн-күнгө кежир болуп баратат. Эмитен эле айтканын кылдырат, жасабай койсок, жерге жата калып, ызы-чуу салып ыйлайт. Мурун көчөдөн жер тепкилеп ыйлаган балдарды көрсөм кыжырым келчү. Эми өзүмдүн балам так ошондой болуп калбаш үчүн эмне кылышым керек? Кантип кежирдигин калтырам?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.03.2020, 11:32

Карлыгаш Акимкулова

Психотерапевт

8 айлык балаңыз өзүнүн жаш курагына тиешелүу кризисти баштан кечирип жаткан кези. Эгер буга чейин сиз көтөрүп барган жака гана барып, сиз берген  тамакты гана ичсе, жөргөлөп баштагандан бери анда тандоо пайда болду. Мурда барбаган жерлерге барып, бир бөлмөдөн кийинки бөлмөгө кирип изилдейт. Мурда жетпеген нерселерин колуна, оозуна алат. Бул катардагы көрүнүш, балаңыз өз нугунда өнүгүп жатат.

Мындан ары ал өзүн апасынын бир бөлүгү эмес, өз алдынча адам экенин түшүнө баштады. Каалаган нерсесин жасап, өзүнө жакканын тандаганды үйрөнүп жатат.  

Сиз анын дүйнөнү жана өзүн изилдешине тоскоолдук жаратканыңарга ачууланып, ыйлайт. “Жок” жана “болбойт” деген сөздөрдү түшүнө элек.

Сиздин башкы максатыңыз аны алаксытып, жайдары үн менен айтып түшүндүрүү жана аны курчап турган чөйрөнү коопсуз кылуу. Кошо ачууланып, урушуп, кыйкыруудан жакшы натыйжа чыкпайт.

Убакыттын өтүшү менен балаңыз эс тарта баштайт. Бардыгы сизден көз каранды. Баланын активдүү, шайыр жаны тынбаган изилдөөчү болушуна бөгөт койбоңуз. Келечекте анын эр жүрөк, чечкиндүү болушун каалайсызбы?

Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт