Байкемдин баласын урушканым үчүн мен тил уктум, кимибиз туура эмес кылдык?
Саламатсызбы. Мен кече үй-бүлөм менен уруша кеттим. Байкемдин 4 жаштагы баласы бар. Ал аябай эрке, тил албайт. Сөзүмдү укпайт, мени теңине албайт, анткени билет, мен ага бир нерсе деп айтсам, болуша турган кишилери бар экенин. Ачуум келип, чаап салгам.
Ошого байкемдин жини келип, экөөбүз айтыша кеттик. Мага атырылып, кол көтөрүмүш болду. Ортого апам түшүп кармап калды.
Мен таарынып, эжемдин үйүнө кетип калдым. Ага айтсам, ал да мени урушту. “Өзүң күнөөлүүсүң. Айтышканың үчүн таяк жедиң. Сен акылдуу эле кызсың, эмнеге тилиңди тартпай, улууларга каяша сүйлөйсүң? “Подростковый период” эбак эле бүткөн, сен 17 жаштасың, бирөөнүн баласын эмнеге урасың ж.б.” деди.
Иши кылып, башымды жерге салып, жоош болуп, унчукпай жүрө беришим керек экен.
Кимибиз туура эмес кылдык? Бул ситуациядан кантип чыгам?
Карлыгаш Акимкулова
Психотерапевт
Саламатчылык. Мен сиздин таарынычыңызды жана нааразычылыгыңызды түшүнүп турам. Сиз үйдөгүлөрдүн сизди сыйлап, айткандарыңызга көңүл буруусун каалап жатасыз.
Баамымда үйдүн кичүүсү окшойсуз. Ал эми азыр ата-энеңиздин неберели төрөлүп, сизден да кичүү балдар пайда болду. Азыр бардык көңүл, эркелетүү, жакшы көрүү ошолорго өтүп кеткен. Ага бардык нерсеге уруксат берилет, жана тентектиги кечирилет.
Сиздин эжеңиз, туура айтып жатат. Сиз кенедей бала эмессиз. Байкеңиздин баласына тарбия берүүсүнө кийлигише албайсыз. Аны урганга да эч кандай акыңыз жок. Анын тарбиясы менен өз ата-энеси алектенет.
Сиз болгону аларга жардам бере аласыз. Алар үйдө жок болгон кезде каралашып, аны менен бирге убакыт өткөрсөңуз болот.
Бул ситуацияда сиздики туура эмес. Мен байкеңизди актап жаткан жерим жок. Сизге кол көтөрүү аракети менен ал да катачылык жасады. Ал да сиз менен агрессиясы жок сүйлөшүүгө аракет кылыш керек эле.
Үйдөн кетип калуу менен маселе чечилбейт. Ата-энеңиздин жанына кайтып, сабактарыңызга, өзүнуздүн өнүгүүңүзгө көбүрөөк көңүл буруңуз.
Улууларды сыйлаңыз.
Ийгилик!
Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Балага тарбия берүү тууралуу кызыктуу макалаларды бул жактан окусаңыз болот:
Уулум атасынын жок экенин билбесе экен деп, каалаган оюнчугун алып берем
Үч жаштагы балам чочосун кармай берет, кантип койдурам? Психологдун кеңеши
Ата-энем мигрант, таежем жини келгенде мени себепсиз эле уруп салчу
Жерге жата калып ыйлаган балдарга кыжырым келчү, эми өзүмдүн балам так ошондой