Цистит оорусунан кутула албай койдум. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы. Мен үч жылдан бери цистит оорусу менен ооруйм. Врачтарга көрүнсөм дарыларды жазып беришет, анын барын ичем, бирок убактылуу эле жардам берет, анан кайра эле башаталат. Эмне кылсам болот?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Сизде циститтин өнөкөт ооруга айланган, рецидив болуп кайра кайталанып жатат. ОАМ деп аталган анализди жана сезимталдуулукту аныктоочу зааранын бак.посевин тапшырууну сунуштайм. Анын негизинде толук дарылоо курсун өтүп, 2-3 айга чейин рецидивге каршы терапия да алышыңыз керек.
Сөзсүз урологго, гинекологго кайрылыңыз. Экөө биригип дарылоо ыкмасын жазып беришет. Күйөөңүз бар болсо, паралельно ал да доктурга көрүнүп дарылансын.
Сакайып кетиңиз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:
Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?
УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?
Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?
Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?
Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет