// //

Кичинекей балам “өлтүрөм, кесип таштайм” деп көп айтчу болду. Себеби эмнеде?

2020.09.18, 10:32
1638

Саламатсызбы. Беш жаштагы балам бар, жини келсе эле дароо “өлтүрөм, кесип таштайм” деп урушчу болду. Урушсам ого бетер күчөйт. Жини тараганда, “антип айткан болбойт, ал жаман сөз” деп түшүндүрсөм “макул, айтпайм” дейт, бирок кайра эле кайталанып жатат.

Жакында мындай окуя болду: майлыкты газга бышырам дейт, “жөн, антпе, ал күйсө үй өрттөнөт, үйүбүз жок калабыз да”, десем, “анан өлөбүз да” дейт. “Жок, өлбөйбүз, эмнеге эле антип айтып жатасың?” десем, “өлүш керек болуп атпайбы, өлгүм келип жатат”, деди.

Жүрөгүм шуу дей түштү. Мынтип сүйлөчу эмес, кадимки балдардай эле ойнойт, бала бакчага барат, үйдөн эч ким урбайт, айтканын алып беребиз. Атасы мага кол көтөрбөйт, анын көзүнчө урушпайбыз дагы.

Эмне кылыш керек?  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.09.2020, 10:33

Карлыгаш Акимкулова

Психотерапевт

Саламатчылык. Баланын оюу боюнча ал тил албай койсо аны өлүм жазасы күтүп турат, деп ойлоп жатат окшойт. Ал бул сөздү бирөөдөн же бир жерден уккан же көргөн. Балким телефизордон же интернеттен.

Балким бирөө коркутуп, уруп же кемсинтип койгон. Балаңыз менен жайдары сүйлөшүңүз: "Мен сага жардам берем. Мен сени коргойм. Мен ар дайым сен тарапта болом" - деп айтып, сыры бар болсо жашырбай айтып берүүсүн сураныңыз. 

"Өлүш керек болуп жатпайбы" - дегени коопту. Ага карата зомбулук болгон болушу мүмкүн. Андай боло турган болсо баланын жүрүм-турумунда башка белгилер да байкалат.

Ачулуу, агерссивдүү болуп, оюнчуктарын сындырат. Шайыр, тынчы жок балдар бир заматта момун болуп, ашыкча сүйлөгүсү келбей, мурункудай ойнобой калат. Кээ бирлер төшөккө сийип коет, ичи өтөт, же тетирисинче ичи катыйт. 

Жуунтуп жатканда денесин жакшылап карап чыккыла. Тытылып, көгөрүп калган жерлери жок бекен? 

А балким, ал жөн гана сиз мындай сөзгө кандай реакция кыла турганыңызды текшерип жатат. Сизге канчалык таасир берээрин көргүсү келет.

Бул сөздүн маанисин жөнөкөй сөздөр менен түшундүрүп берүүгө аракет кылгыла. Убагы келгенде бардык адамдар өлөт. Бирок өз өмүрүңдү сактап, көп жашаганга аракет кылуу керек, деп жайдары айтып бериңиз.

Сиздин кадимкидей сүйлөп жатканыңызды жана тынч эле реакция кылып жатканыңызды көрүп, бул сөздөрду айтпай калат, жана эч кимди коркутпайт.

Колдон келсе балдар психологуна кайрылып консультация алып көрүңүз.

 

Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Балага тарбия берүү тууралуу кызыктуу макалаларды бул жактан окусаңыз болот:

Уулум атасынын жок экенин билбесе экен деп, каалаган оюнчугун алып берем

Үч жаштагы балам чочосун кармай берет, кантип койдурам? Психологдун кеңеши

Ата-энем мигрант, таежем жини келгенде мени себепсиз эле уруп салчу

Жерге жата калып ыйлаган балдарга кыжырым келчү, эми өзүмдүн балам так ошондой

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт