Кеңеш бергилечи, канткенде жакын курбу таба алам? Психологдун жообу
Саламатсызбы. Психологдон жакшы кеңеш керек. Мен 23 жаштамын, бирок ушул убакка чейн эч ким менен курбу, жакын дос боло албадым. Эмнеге билбейм.
10-класска чейин шайыр, тамашакөй болчумун, курбум да бар эле. Бирок ал мени таштап башка менен дос болуп кеткен. Кийин дагы бир курбума сырымды айтсам сатып кетти. Ошону менен көңүл калды.
Жогоркуу окуу жайда да эч ким менен сырдаш боло алган жокмун. Менин эң жакын курбум - апам.
Дос бололу дегендер көп, бирок корком. Сатып кетсечи? - деп ойлой берем.
Мага жардам бергилечи, канткенде жакын курбу таба алам?
Эльвира Чокоева
Психолог
Саламатчылык. Сиз көйгөйүңүз эмнеде экенин жаздыңыз, андан кийин анын себептерин да сүрөттөп беридиңиз. Эки ирет жакын курбуларыңыз тараптан саткынчылыкка туш болгонсуз. Ошондон улам адамдарга ишенич жоголгон.
Студент курагыңызда өзүңүз коопсуз деп санаган позицияны тандадыңыз. Эч ким менен жакындашкыңыз келген жок. Сизде эч кандай көйгөй жок, болгону “сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет” болуп калгансыз. Сиз үчүн кайрадан чыккынчылыкка туш болгондон көрө, эч ким менен достошпой коюу тынчыраактай сезилди.
Эң жакын курбум – апам деп жатасыз. Мен сизге бир нерсени айтып коеюн, апа ар дайым апа бойдон калат. Апаңыз менен мамиленин жакын болушу эң сонун көрүнүш. Бирок апаңыз курбунун ордун ээлеп турганы туура эмес, апанын орду башка. Мен сизди түшүнүп турам, сиз эң коопсуз вариантын тандап алгансыз, апалар эч качан сатып кетпейт, жана ар дайым жаныңда болот. Балким, ошондон улам курбуларыңыз жок.
Достук мамилени курууга үйрөнүү керек. Сиз үчун достук деген эмне? Өзүңүздү жакшы досмун деп эсептейсизби? Курбулардын кандай болушун күтөсүз?
Ушул суроолорго жооп издеп көрүңүз. Андан кийин кичинекей кадамдан баштап достук мамилесин курганды үйрөнүңүз. Бул акчаны карызга бергенге окшош, мисалы: бир адамга 100 сом бердиниз, ал өз убагында кайтарып бергенден кийин ишеним кредити жогорулады. Эмкиде 500 сом берип көрүңүз.
Достукта да ушундай. Аз-аздан баштагыла. Дароо эле жан дүйнөңүздү ачып, сырлардын баарын айтып салуунун кажети жок.
Ийгилик!
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.
Психологдун башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Биз ачка отурганда атам ичип-жеп крутой машине тээп жүрө берчү
Туура түшүнүп, ашыкча кызганбай, айтканарына ишендим. Ишеничим акталган жок
Жигитим менен акыркы жолугушууга бармакмын. Чын дилимен бакыт тилешим керекпи?
Өзүмөн 15 жаш улуу эжени сүйөм, канча аракет кылсам да унута албай койдум.