Жигитимдин апасы бирге болушубузга каршы. Эмне кылышты билбей турам
Саламатсызбы. Жигитим экөөбүздүн сүйлөшүп жүргөнүбүзгө төрт жыл болду. Эки жылдан бери мени менен сүйлөшүп жүргөнүн билет апасы билет, бирок биздин мамилебизге каршы чыгууда.
Анын себеби: инстаграмга койгон сүрөттөр экен, жигитим экөөбүздүн кучакташып түшкөн бир сүрөтүбүздү көрүп жаман пикирде болуп калыптыр. “Бул кыз бизге жарабайт”, деп жатыптыр.
Сүрөткө түшүп жатканда сүрөтчү ошентип түшкүлө деген эле. Башка сүрөттөрүм жөнөкөй эле, ачык-чачык эмес, уяттуу эмес. Негизи өзүмө тыкан эле жүрөм.
Шаарда өскөндүктөн орус мүнөзмүн, ата-энем да жактырган адамыңарга турмушка чыккыла деп ар дайым биздин тандообузду колдойт. Жигитимдин ата-энеси бизге каршы чыгып, жеп бүтүштү.
Негизи анын апасын абдан жакшы киши деп уккам, эмнегедир кучакташып түшкөн сүрөтүбуздү жактырбаптыр.
Биз бири-бирибизди катуу сүйөөбүз, бирок ата-энебиздин ыраазычылыгын албай бирге боло албайбыз. Мындан ары эмне кылсак болот? Бизге кеңеш берип койгулачы?
Эльвира Чокоева
Психолог
Саламатчылык. Экөөңөрдүн сүйлөшүп жүргөнүңөргө көп эле болуптур. Төрт жыл – бул бир топ убакыт.
Жазганыңызга караганда, жигитиңиздин апасы экөөңөрдүн кучакташып түшкөн сүрөтүңүздү көрдү, ага ал сүрөт жаккан жок. Ошондой эле ал сүрөттө жана сиздин баракчаңызда уятту эч нерсе деле жок болчу.
Сиз анын апасы менен тааныш эмес болгондуктан, анын оюна эмне келгенин жана эмне себептен ага жакпай калганыңызды биле албайсыз. Анткени биз башка адамдардын ойлогон ойлору үчүн жооптуу эмеспиз.
Мындай учурда жигитиңиздин аракети маанилүү. Сиз эч нерсени өзгөртө албайсыз.
Айтыңызчы, анын позициясы кандай? Анын сүйгөнү, башкача айтканда сиз, чынында эле татыктуу кыз экенин далилдөө үчүн кандай аракеттерди жасады? Апасын кантип ишендирүүгө аракет кылды?
Эгер анын ниети түз болсо, келечекте сиз менен үй-бүлө курууну пландаса, балким апасы менен тааныштыруусу керек? Ошондо бири-бириңерди жакындан билмексиңер, түшүнбөстүктөрдү жоюууга мүмкүнчүлүк түзүлмөк.
Башкысы, өзүңүздү сыйлаңыз, жигитиңизди жана анын үй-бүлөсүн дагы.
Бактылуу болуңуз!
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.
Психологдун башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Биз ачка отурганда атам ичип-жеп крутой машине тээп жүрө берчү
Туура түшүнүп, ашыкча кызганбай, айтканарына ишендим. Ишеничим акталган жок
Жигитим менен акыркы жолугушууга бармакмын. Чын дилимен бакыт тилешим керекпи?
Өзүмөн 15 жаш улуу эжени сүйөм, канча аракет кылсам да унута албай койдум.