Күйөөмдүн курсагы ток болсо, достору менен жолугуп турса эле болду

2020.09.10, 11:18
736

Саламатсызбы. Психологдун кеңешине муктажмын. Жашым 32де, жакында эле төртүнчү балабызды төрөдүм. Төрөттөн кийинки депрессияга түштүм окшойт, ыйлагым эле келип жатат, эч нерсе кылгым келбейт, тамак да табитим тартпайт.  

Жолдошуман жакшы сөз, көңул буруу, колдоо күтөм. Бирок анын мени менен иши жок, курсагы тойсо, талаадагы жумуштарын жасаса, анан достору менен жолугушуп турса эле болду. Кечинде келгенде, сүйлөшүп отуралы, деп өз ойлорумду айтсам, укпайт, сүйлөп жатсам уктап калат.

Кантип алаксысам болот? Жакшы сөз күтөм.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.09.2020, 11:19

Асель Баимбетова

Психолог

Саламатчылык. Бешик бооңуз бек болсун!

Менин сизге боорум ооруп турат. Ар бир аял күйөөсүнүн колдоосуна, жакшы мамилесине муктаж.

Балким, буга чейин сиз андан көңүл бурууну, жардам берүүнү суранчу эмессиз, бардыгын өзүңүз жасап көндүрүп койгонсуз. Ал эми азыр төрөттөн кийин организмиңиз алсызданып турган кези, гормондор да өз калыбына келе элек. Сиз анын колдоосуна зар болуп жатасыз, үйдөгү түйшүктү тең бөлүшүүсүн, бирге отуруп кобурашуусун күтөсүз.

Тилекке каршы, күйөөңүз андайга көнгөн эмес, жана мындай мамиленин зарылчылыгы жок деп ойлойт. Демек кайра башынан үйрөтүү керек.

Андан күткөн нерселерди конкреттүү, ачык жана жайдары айтыңыз. Четин чыгарып, “намёк” кылып, күнөөлөп, нааразы болуп, таарынып эмес.

Мамилени кайрадан башынан курууга көп убакыт, сабырдуулук, чыдамкайлык керектелет. Бирок, ортоңордогу карым-катнашты жаңы деңгээлге көтөрүп алсаңыз, жашооңор жакшы жагына өзгөрөт.

Бактылу болуңуз!

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:

Менин көңүлүмдү калтырса мейли го, балдар чоңоюп соз түшүнүп калышты

Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?

Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?

Ата-энем медреседе окушумду каалашат, а мен экономист болгум келет

Ажыраша турганыбызды балдарыбызга кантип айтбыз? Психологдун кеңеши

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт