Жолдошум аябай эрке өскөн бала экен, келечегибиз кандай болот?
Саламатсызбы. Биз кайын эне, кайын атамдар менен турабыз. Жолдошум аябай эрке өскөн, өз алдынча эч нерсе чече албаган, жасай албаган бала экен. Ата-энеси азыр деле аны кичинекей баладай көрүп сүйлөшөт.
Эми алар мага да ошондой мамиле кыла башташты, кие турган кийимимен өйдө айтып турушат. Аларга кандай мамиле жасашым керек? Келечегибиз кандай болот, деп корком.
Асель Баимбетова
Психолог
Саламатчылык. Сиз абдан аз маалымат бергенсиз, ошондуктан бул кандай үй-бүлө экени мен үчүн түшүнүксүз. Эгер сизге мындай мамиле жакпаса, жайдары эле “Мага кам көргөнүңуз үчүн рахмат, бирок мен өзүм эле чечем” десеңиз болот.
Ал эми кайын журтуңуз салтты бекем кармаган, келин унчукпай кызмат кылат, деген үй-бүлөлөрдөн болсо, анда айткандарын угуп, бирок жүрөгүңүзгө жакын кабыл албай, койгонго аракет кылыңыз. Өзүңүз туура көргөндөй жасай бериңиз.
Мени ойлондурганы, сиз болочок куйөөңүз менен сүйлөшүп жүргөндө анын мүнөзүн байкаган эмес белеңиз? Же маани берген жоксузбу? Кайсы сапаттарын жактырдыңыз?
Өзүңүзгө суроо бериңиз: Мен мындай мамилени кабыл алууга жана мындай жашоого канчалык деңгээлде даярмын?
Жолдщошуңуздун үй-бүлөсү, алардын ич ара мамилеси көп жылдан бери калыптанып калган, сиз ал көрүнүшту эч качан өзгөртө албайсыз. Чыдамым жетет, күйөөмдү сүйөөм, ал мен үчүн кымбат, мен анын жанында бактылуумун, десеңиз, анда түзүлгөн шартка ыкташып, жолун таап кеткенге аракет кылыңыз.
Бактылуу болуңуз!
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:
Менин көңүлүмдү калтырса мейли го, балдар чоңоюп соз түшүнүп калышты
Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?
Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?
Ата-энем медреседе окушумду каалашат, а мен экономист болгум келет
Ажыраша турганыбызды балдарыбызга кантип айтбыз? Психологдун кеңеши