Нааразычылыгымды жолдошума ачык айта албайм. Кантип үйрөнөм?
Жолдошум менден көп жашка улуу, ошондуктанбы айтор, аны менен көп нерселерди ачык айтып, сүйлөшө албайм. Мисалы пикирибиз келишпей, нааразы болуп турганда ичимдеги оюмду айта албай калам.
Азыр сүйлөшөм, жок, анан сүйлөшөм, телефондон чалып эле айтам, - деп батына албай жүрө берем. Ичимен кыжалат болуп, жинденем. Акыры СМС жазып, айтчумду айтып, отуруп калам.
Бул нерсе жолдошума жакпайт. СМС жазбай, отуруп сүйлөш, өзүмө айт, дейт. Мындай жасаганым мага да жакпайт. Канча аракет кылсам да, эч нерсе айта албай таарынып кала берем.
Эмне кылышым керек? Психологдон кеңеш алып бергилечи, сураныч?
Асель Баимбетова
Психолог
Саламатсызбы. Адатта атасы жок өскөн айымдарда ушундай көйгөй жаралган. Бул сөзсүз эле физикалык атанын жок болушу эмес. Кээде атасы бар бирок кызы экөөнүн ортосунда эч кандай мамиле жок, атасы кызын эркелеткен эмес, өтө катуу кармаган, же болбосо көңүл кош мамиле жасаган, кызы менен сүйлөшүп, анын жан дүйнөсүн жакшы билген эмес.
Ушундай шартта өскөн кыздар эркек менен кандайча мамиле курушту билбейт жана күйөө тандаганда өзүнөн улуу кишилерди тандашат. Ага атасындай мамиле кылышат.
Сиздин азыркы жүрүм-турумуңуз, эс тартып калган келиндей эмес, секелек кыздардыкындай. Башкача айтканда күйөөңүз менен теңата (на равных) мамиле кура албай жатасыз.
СМС жазып баштаганыңыз деле жакшы. Сизде көптөгөн суроолор, талаптар, айтылбаган сөздөр бар окшойт. Бардыгы чогула берип, ачууланууга айланып жатат. Ошондуктан аз аздан болсо да дароо айтып үйрөнүу керек.
Бир сүйлөмдөн болсо дагы, ыйлап айтсаныз дагы, жеке оюңузду пикириңизди, көз карашыңызды жеткиргенге үйрөнүңүз. Шартыңыз болсо психологго кайрылыңыз, же сиз сыйлаган жана ишенген адамдан жардам, кеңеш сураңыз.
Бактылуу болуңуз!
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:
Менин көңүлүмдү калтырса мейли го, балдар чоңоюп соз түшүнүп калышты
Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?
Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?
Ата-энем медреседе окушумду каалашат, а мен экономист болгум келет
Ажыраша турганыбызды балдарыбызга кантип айтбыз? Психологдун кеңеши