// //

Чубак устазымды унута албай кыйналып жүрөм. Мага кеңеш бере аласызбы?

2020.07.23, 12:18
2563

Саламатсызбы. Кимден кеңеш аларымды, кимге кайрыларымды билбей турам. Дин аалымы Чубак устазым бул дүйнөдөн өткөнүнө кайгырып, башка нерсеге көңүлүм жок. Кээде тирүү эле жүргөндөй сезилет. Мындай улуу инсанды унутуш кыйын болуп турат.

Мурунку өзүмө кантип кайтып келем? Эмне кылышым керек? Кеңеш бере аласызбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.07.2020, 12:18

Асель Баимбетова

Психолог

Мен сизге көңүл айтам. Жакын адамыңды жоготуу абдан оор сокку. Ал аалым эле эмес, жүрөгү таза, боорукер адам эле. Мындай инсандын өлүмү бүтүндөй Кыргызстан үчүн чоң жоготуу.

Жакынын жоготкон киши белгилүү бир сезимдерге туш болот. Көзү өтүп кеткен адамга канчалык жакын болсо, аза тартуусу ошончолук катуу болот. Бул нормалдуу көрүнүш. Биз жакындарыбызга байланабыз, алардан ажырагыбыз келбейт. Бирок бул жашоо менен өлүмдүн мыйзамы.

Каза болгон адамды жоктоо орто эсеп менен эки жылга созулат. Адам бир нече этаптан өтөт.

  1. Шок болуу, моюнга албоо, ишенбөө.
  2. Ачуулануу, агрессия, күнөөлүүнү издөө.
  3. Соодалашуу. Мындай кылсак аман болмок, эртерээк доктурга алып барсак тирүү калмак, көңүл буруп койсок болмок ж.б.
  4. Жоготуп алганыңды түшүнүү, моюнга алуу, сагынуу, депрессияга батуу.
  5. Адамдын өтүп кеткенин кабыл алуу.

Мындай учурда эмне жардам берет? Өзүңүзгө кайгырууга, ыйлоого, жоктоого уруксат бериңиз. Кыргыздарда адам өлгөндө жоктоп ыйлап, кошок айтканы бекеринен эмес. Бул психологиялык жактан жеңилдеп калууга жардам берет.

Жакындарга айтып кайгыңыз менен бөлүшүңүз, устаздын жакшы сапаттарын, сүйлөгөн сөзүн, жасаган иштерин бири-бириңерге айтып берип эскергиле. Ыйласаңар деле мейли. Акырындык менен кайгы кое бере баштайт. Кайгыны баштан кечирип, бул этаптан сөзсүз өтүү зарыл. Сезимдериңизди унутуп, басып, же жокко чыгарбагыла.

Кайрат кылыңыз. Өзүңүзгө сак болуңуз!

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:

Менин көңүлүмдү калтырса мейли го, балдар чоңоюп соз түшүнүп калышты

Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?

Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?

Ата-энем медреседе окушумду каалашат, а мен экономист болгум келет

Ажыраша турганыбызды балдарыбызга кантип айтбыз? Психологдун кеңеши

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт