Эжем күйөөм менен ажыраш дей берет, ортодо жүрүп кыйналып кеттим
Баш кошконубузга беш жыл болду. Ортодо бир балабыз бар. Күйөөм эки эле бир тууган, кайын атам, анан кайним бар, кайын энем өтүп кеткен.
Айылдын жашоосу туруктуу болбогондугуна байланыштуу балабызды апама таштап коюп, Москвага келе бергенбиз. Келгенден бери эмнегедир күйөөмдүн иши жүрүшпөй койду. Меники кудайга шүгүр.
Ошого улуу эжем, күйөөмду жаман көрө берет. Кайын журтуң начар, эч кимиси силерди сурабайт, жардам бербейт, эмне кыласың жашап, ажырашып кет, дейт.
Бирок, чынында күйөм аябай жакшы адам. Мен ага ыраазымын. Көңүлүмдү калтырбайт, жумуштан чарчап барсам, тамагымды даярдап, кийимдеримди жууп коет. Кээде, курсагың ачты деп, тамакты жумушума чейин көтөрүп келет. Мен аны жакшы көрөм.
Бир тууганын ойлоп, атасын ойлоп сарысанаа болот, аябай боорукер. Бирок жакындарынын аны менен иши жок, кайын атам өзүмчүл, инисинин эч ким менен иши жок. Барына эле күйүп бышкан жолдошум.
Ортодо жүрүп эле кыйналып кеттим. Силерден кеңеш күтөм.
Эльвира Чокоева
Психолог
Саламатчылык. Жазган катыңызда өзүңүздүн турмушуңузду, жана түзүлгөн кырдаалды баяндап бериптирсиз. Бирок психологго кандай суроо менен кайрылып жатканыңызды түшүнө албадым.
Ошондой болсо да, божомолдоп, айрым көрүнүштөргө комментарий берип кетейин.
Жолдошуңуз менен мемилеңер жакшы экен. Бири-бириңерди сүйөсүңөр. Бирок эжеңиз күйөөңүзгө жана кайын журтуңузга нааразы, ошондуктан сизге ажыраш, деп айтат экен.
Антип чечим чыгарууга эжеңиздин кандай акысы бар? Эмне үчүн ал силердин үй-бүлөгө кийлигишип жатат? Эмнеге ажыраш дейт?
Күйөөңүз сизге жагабы? Болду да, маселе чечилди. Ал эми эжеңизге жагабы же жокпу, ал анын иши.
Кайын атаңызды, кайниңизди сындап жаздыңыз. Сизге алардын жүрүм-туруму, мүнөзу жакпайт экен. Бул бөлөк адамдар, сиз эч качан аларды өзгөртө албайсыз. Демек, алардын кылык-жоругу үчүн жоопкерчилик сизде эмес.
Мында негизги маселе жеке чек араны коргоо болуп жатат. Башка адамдарга сиздин үй-бүлөңүзгө кийлигишүүсүнө жол бербеңиз, ошол эле учурда өзүңүз да башкалардын жеке жашоосуна кийлигишпеңиз.
Бардык көңүлдү өзүңүзгө буруңуз, үй-бүлөнү коргогонду үйрөнүңүз.
Ийгилик!
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.
Психологдун башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Биз ачка отурганда атам ичип-жеп крутой машине тээп жүрө берчү
Туура түшүнүп, ашыкча кызганбай, айтканарына ишендим. Ишеничим акталган жок
Жигитим менен акыркы жолугушууга бармакмын. Чын дилимен бакыт тилешим керекпи?
Өзүмөн 15 жаш улуу эжени сүйөм, канча аракет кылсам да унута албай койдум.