// //

Программист кесибин кандай балдар өздөштүрүп кете алышат? Адис жооп берет

2020.07.20, 12:08
13220

Акыркы он жылдан бери IT- тармагында иштегендердин айлык маянасы эң жогору деп саналган кесиптердин бири болуп саналып келет. Кыргызстанда бул багыт боюнча мыкты билим берген окуу жайлардын бири Ала-Тоо эл аралык университети. Аталган университеттин окутуучулары Жуманияз Маматалиев жана Нурлан Шайдуллаев программист кесиби тууралуу айтып беришти.

Программист болуу үчүн сөзсүз жогорку окуу жайды аяктоо керекпи?

Албетте өз алдынча өздөштүрүп алгандар бар. Алар бир багытта буюртмаларды алып, иштеп жүрө беришет.

Бирок бул тармакты толук түшүнүп, инженер болуу үчүн сөзсүз жогорку билим керектелет. Билими мыкты, талантуу программистер дүйнөлүк компаниялардан буюртма алып, эл аралык стандарттагы айлык маяна алып иштей алышат, - дейт Жуманияз Маматалиев.

Программист кесибин кандай балдар өздөштүрүп кете алышат?

IT- тармагын тандаган киши көп убакыт бир жерде отуруп жылбай иштейт. Ошондуктан жаны тынбаган, ар дайым кыймыл аракетте жүргөн адамдар бул тармакта азыраак болот.

Программисттер үчун башкы сапаттардын бири баскыч-баскычы менен иштеп, баштаган ишин аягына чыгара билүү. Убакытты туура бөлүштүруп, пландоо. Көйгөйдү көрүп, ага үсүнөн карап анализ жүргүзүп, маселени чечүү. Ошондой эле көпчүлүк долбоорлорду команда менен ишке ашыргандыктан командада иштей билүү сапаты да маанилүү. 

Жөн гана окуп, жаттап кайра мугалимге айтып берип кутула албайсың. Башкысы түшүнүү.

Кыргызстанда орто эсеп менен программисттер канча айлык алышат?

Жаңыдан баштаган прораммист кеминде 20 000 сом табат. Ал эми өзүнүн адискөйлүгүн, талантын, жоопкерчиликтүүлүгүн тастыктаса, түрдүү долбоорлор менен иштеп, көп эле акча таба алат.

Программист үчүн ч кандай чек жок, Кыргызстанда туруп деле эл аралык компаниялардан буюртма алып иштей берет. Мен билгенден Кыргызстанда айына 2000 $ жогору киреше тапкандар бар.

IT- тармагында эркектер көбүрөөк иштешет, бул кесип кыз-келиндерге жарабайбы?

Жок, тетирисинче. Программист болуп үйдө отуруп деле иштей берсең болот. Ошондуктан кичинекей балдары бар келиндер үчүн абдан эле ыңгайлуу. Башкача айтканда үйдө отуруп баланы да багып, жумуш да иштей берсе болот.

Бул жерде башкысы, өз ишиңди мыкты билүү жана күн тартибиңди пландаштыруу.

Нурлан Шайдуллаев Ала-Тоо университетиндеги инженерия жана информатика факультетиндеги адистиктер жөнүндө айтып берди.

Информатика жана эсептөө техникасы бөлүмүндө студенттер программалоонун автоматташтырылган системаларын, электротехниканы жана электрониканы үйрөнүшөт.

Бул адситикти тандагандар көбүнчө программист, системалык администратор болуп иштей алышат.

Электроника жана наноэлектроника бөлүмүндө болчок эксперттер электротехниканын, метрологиянын негиздерин, техникалык өлчөмдөрүн окушат. Физикага көп көңүл бөлүнөт.

Бул багыттагы адис математикалык жана компьютердик моделдештирүү, проектилөө, электрондук приборлорду конструкциялоо менен алек болот.

Колдонмо математика жана информатика бөлүмүндө таза математикалык дисциплиналар берилет. Алар алгебра, геометрия, логика, математикалык анализ.

Бул багыта бир нече адистик бар: эсептөө математика, математикалык моделдештирүү, ЭВМди математикалык программалык камсыздоо ж.б. Алар компьютердик түйүндөрдү тейлеп, программалык камсыздоону иштеп чыгышат.

Ала-Тоо эл аралык университети бардык абитуриенттердин окуусуна ийгилик каалайт!

Кененирээк маалыматты университеттин сайтынан http://www.alatoo.edu.kg/  билсеңиз болот.

Бул жактан дагы окусаңыз болот:

Журналист болуу үчүн кандай сапаттарга ээ болуу керек?

Кыргызстанга барбай туруп университетке тапшырсам болобу? Адис жооп берет

Кесип тандоо: Азыркы күндө юристтерге суроо талап барбы?

Кыргызстанда медицина багытын англис тилинде окуу мүмкүнбү?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт