// //

Кыргызтсанга барбай туруп, университетке тапшырсам болобу? Адис жооп берет

2020.06.02, 12:24
1161

Саламатсызбы. Мен чет өлкөдөмүн, Францияда. Онлайн түрүндө ЖРТ тапшыра аламынбы? Кыргызстанга барып отурбай, Университетке онлайн окусам болобу? Чет тилдер факултетинде окугум келет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.06.2020, 12:24

Жылдызбек Жакшылыков

Ала-Тоо эл аралык университетинин Дистанттык билим берүү борборунун директору

Саламатчылык. Пандемия шартында, ЖРТни онлайн тапшырса болобу же жокпу деген суроого так жооп алуу үчун Билим берүү министрлигине кайрылуу зарыл. Ал эми Университетте онлайн билим алуу боюнча төмөнкүлөрдү айтып бере алам:

  • Эгер Кыргызтсандын жараны болсоңуз жана аттестатыңыз да Кыргызстандыкы болсо, анда ЖРТ тапшыруу керек.
  • Эгер чет мамлекеттин жараны болсоңуз анда ЖРТ керек эмес.
  • Эгер Кыргызстандын жараны бирок атестатыңыз чет мамлекеттики болсо, мында да ЖРТнин жыйынтыгы керек эмес.

Биздин университетте чет тилдер бөлүмү бар. Педагогикалык курамыбыз абдан күчтүү.

Биздин alatoo.edu.kg  сайтына кирип, дистанттык билим алуу тууралуу кеңири маалымат алсаңыз болот.

Ийгилик!

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Дистанттык билим алуу тууралуу бул жактан окусаңыз болот:

Дистанттык билим алуу үйдөн чыкпай диплом алууга мүмкүнчүлүк берет

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт