Баламды суранып кет, деп үйрөтө албай койдум. Эмне кылыш керек?
Саламатсызбы. Мен 30 жаштамын, улуу балам 8де. Өзү зирек бала, бирок эмнегедир, ойногону кетээрде мага айтып кет, дегенди үйрөтө албай койдум. Эмнеге айтпай кетип калдың? – десем, көзүн жалдыратып эле, эртең айтам, дейт, анан кайра эле ошол абал. Суранса дайым эле жөнөтөм. Ойногону кетсе 2 саатка, кээде 5-6 саатка чейин жүрө берет.
Ушундай кылганы үчүн жинденип, уруп салам. Өзүмдү кантип токтотом?
Карлыгаш Акимкулова
Психолог
Урматтуу айым, сиз эмнеге сары санаа болуп жатасыз? Баланын коопсуздугу үчүнбү? Же ал сиздин тилиңизди албаганы үчүнбү?
Сиз аны канчалык көп урсаңыз, ал ошончолук сизден качат. Кичинекей балада жоопкерчилик сезими калыптана элек болот, ал убакыттын өтүп жатканын байкабайт. Анын үстүнө балаңыз абдан активдүү окшойт. Мындай балдар адатта бир нерсеге көңүлүн коюп, узак убактыка чейин бир жерде отура албайт.
Балаңызды урган сайын, анда өзүнө болгон ишеним жоголуп жатат. Демек мени эч ким жакшы көрбөйт, бардыгы мага нааразы, деген ойлор мээсинде тамырлап калат.
Бир аз сабырдуу, чыдамкай болууга үйрөнүңүз. Эмне үчүн сизден суранып кетишин талап кылып жатканыңызды жайдары түшүндүрүңүз. “Мен сага сарысанаа болуп жатам. Мен сени аябай жакшы көрөм. Сени менен бир нерсе болуп кетеби деп корком. Суранам, кетип жатканда айтып коюп турчу. Макулбу?”, - бул сөздөрдү күнүнө бир нече ирет кайталаңыз. Өзүңүздүн сезимдериңизди сөз менен жеткирүүгө аракет кылыңыз. Кыйкырып, урушуп, ургандан майнап чыкпайт.
Бир күнү ал сизден суранат, ошондо мактаңыз. Балаңыз үчүн аны чексиз жакшы көргөн, мээримдүү апа болуңуз.
Балаңызга жакын эркек кишиден да ага айтуусун сураныңыз. Мисалы атасы, чоң атасы, же байкеси айтса, тил алышы мүмкүн.
Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Балага тарбия берүү тууралуу кызыктуу макалаларды бул жактан окусаңыз болот:
Уулум атасынын жок экенин билбесе экен деп, каалаган оюнчугун алып берем
Үч жаштагы балам чочосун кармай берет, кантип койдурам? Психологдун кеңеши
Ата-энем мигрант, таежем жини келгенде мени себепсиз эле уруп салчу
Жерге жата калып ыйлаган балдарга кыжырым келчү, эми өзүмдүн балам так ошондой