// //

Жигитим экөөбүз кошулдук, бирок ага турмушка чыккым келбейт

2020.07.15, 14:06
3256

Саламатсызбы. Мен 18 жаштамын. Жигитм менен 15 жашыбызда интернет аркылуу таанышканбыз. Кийин Бишкекке келип окууга тапшырганда жолугуштук. Аябай сымбаттуу жигит экен, болгону бою кичине.

Сүйлөшпөй коеюн дегем, бирок көнүп калыптырмын. Анын үстүнө аябай аркаман чуркады, жок дей алган жокмун. Экөөбүз Кыргызстандын эки башка областынанбыз, кыз-жигит болушубузга ата-энебиз да каршы.

Биз жаман ишке бардык, экөөбүз кошулдук. Жыныстык катнаш мага жаккан жок, эч кандай рахат алган жокмун. Ал мага "экөөбүз бактылуу болобуз, коркпо", - дей берет. А менин кийинки күндөрү аны менен бир болгум келбей калды. Анын жанында эжесиндей эле көрүнөм. Көчөдөн бир баскым келбейт.

Эмне кылам? Сүйлөшпөй коеюн десем, аны менен жыныстык катнашка барып койгом. Мени эми ким алмак эле? Мага кеңеш берип койгулачы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.07.2020, 14:09

Эльвира Чокоева

Психолог

Саламатчылык.

Сиз өзүңүздүн кыздык белигңиздин туткуну болуп калган окшойсуз. Балким, сиздин пикириңиз боюнча, бактылуу жашоонун негизи, турмушка кыз бойдон тийүү болуп эсептелинет.

Мен сизге болгону өз жашооң үчүн жоопкерчиликти өз колуңа алууну сунуштайм. Эгер өзүңө ишенимдүү болсоңуз, өзүңүздү жакшы көрүп, сыйласаңыз, жакындарыңыз, тегеректеги адамдар, бүтүндөй дүйнө сизге ошондой мамиле жасайт.

Түшүнгөнүмө караганда, бул жерде чоң сүйүү тууралуу кеп болгон жок. Сизди болгону жигитиңиз менен жыныстык катнашка барганыңыз, ал сиздин жашооңузда биринчи мырза болгону эле кармап турат.

Анын эмнеси бар экен? Ошол учурда экөөңөрдүн тең каалооңор болду, кошулуу экөөңөрдүн тен чечимиңер. Эми болгон ишке өзүңдү-өзүң жемелеп, жөн жерден кордой берүүнун зарылчылыгы жок.

Сиз кандай жашоону каалайсыз? Бул жашоодо ким менен бирге болгуңуз келет? Келечекке кандай пландарыңыз бар? Ушул суроолорду өзүңүзгө берип, чынчыл жооп бергенге аракет кылыңыз.

Бактылуу болуңуз.

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.

Психологдун башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:

Биз ачка отурганда атам ичип-жеп крутой машине тээп жүрө берчү

Туура түшүнүп, ашыкча кызганбай, айтканарына ишендим. Ишеничим акталган жок

Жигитим менен акыркы жолугушууга бармакмын. Чын дилимен бакыт тилешим керекпи?

Өзүмөн 15 жаш улуу эжени сүйөм, канча аракет кылсам да унута албай койдум.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт