// //

Таң атпай туруп уйун саайм, тамак жасайм, жармасын өксүтпөйм. Ошондо да жакпайм

2020.06.26, 13:06
1695

Саламатсызбы. Мен алты бир тууганмын, жашым 22де. Менин көйгөйүм атам. Апам экөөнүн жашаганына 30 жылдан ашты. Эс тарткандан ушу күнгө чейин уруш-талаш аралаш чоңойдук. Куда тосушту, неберелүү болушту. Анысына деле карабай отурган, бет келген жерден бири-бири менен кармашмай, каргашмай.

Бир туугандар да ынтымактуу эмеспиз. Бири-бирибизди көргүбүз жок. Балким, татыктуу тарбия албай калганыбыз үчүн ушундайбызбы, билбейм.

Байкуш апам, ооруканада, башым деп эле жыгылды. Оорусу нервтен экен.

Азыркы тапта атам менен үйдөмүн. Таң атпай туруп уйун саайм, кошом, үйүн жыйнайм, тамак жасайм, нан салам, жармасын өксүтпөйм. Же көчөгө тентибейм. Бирок баары бир жакпайм.

Жумуштагылар менен же досторум менен телефондон сүйлөшүп калсам эле каргап-шилеп кирет, оокат кылбайсың деп. “Эзели жакшылык көрбө!”, “Барган жериңен бак айтпасын!”, “Энеңди ...” деген оозго алгыс сөздөр менен сөгөт. Өзү бөтөлкөнүн түбүнө түшүп кеткиче айлап ичет.

Апама канча айттым: ажыраш, ажыраш - деп, укпай койду. Бизди да кыйнап, өзүн да кыйнап. “Силер чоңойсоңор оңолот” дедим дейт. Оңолмок турмак күчөдү.

Ишенесиңерби? Мен турмушка чыккым келбейт. Балким жаштыгыма салып жатам. Келечегим катуу ойлондурат. Мындан ары эмне кылышты билбей турам?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.06.2020, 13:10

Эльвира Чокоева

Психолог

Саламатчылык. Катыңызда атаңыз сиз эс тарткандан бери ичет, үйдө ар дайым уруш-талаш, апам мунун бардыгына чыдап келет, деп жаздыңыз. Эми апаңыз ооруп калыптыр. Буга чейин ажыраш деп айтып келген экенсиз. Бирок, эмнеге сиз апаңыз үчүн чечим кабыл алып жатасыз?

Ушунча жылдан бери ата-энеңиз жашоосун өзгөртүүгө аракет кылбаса, демек мындай жашоо, мындай мамиле аларды канааттандырат. Түшүнүп турам,  сөздөрүм катуу тиет, бирок бул алардын жашоосу, жана алардын жоопкерчилиги.

Эми сиз жөнүндө сөз кылалы. Апаңызды, эч нерсе өзгөртпөйт деп күнөөлөп жатасыз. Атаңызды начар мамиле жасайт, ичет деп айыптап жатасыз.

Ушунча жылдан бери, сиз өзгөрүү үчүн кандай аракеттерди жасадыңыз? Сиз 13-14 жаштагы бала эмессиз. 22ге чыгыптырсыз. Демек ата-энеден көз карандысыз болуп, өз алдынча жашоого дараметиңиз жетет. Келечекке максаттарыңыз кандай? Жакынкы жылдарга пландарыңыз барбы?

“Таң атпай туруп уйун саайм, кошом, үйүн жыйнайм, тамак жасайм, нан салам, жармасын өксүтпөйм.” – деп жаздыңыз, бир нерсени байкадыңызбы? Сиз башка бирөөнүн оокатын кылып, жаткандай, милдет жасагандай мамиле кылып жатасыз. Бул сиз ата-эне менен бирге жашай турган убакыт эбак эле өткөн, өз алдынча болуп, жеке жашоону курууга даяр болуп калганыңыздан кабар берет.

Ийгилик!

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.

Психологдун башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:

Биз ачка отурганда атам ичип-жеп крутой машине тээп жүрө берчү

Туура түшүнүп, ашыкча кызганбай, айтканарына ишендим. Ишеничим акталган жок

Жигитим менен акыркы жолугушууга бармакмын. Чын дилимен бакыт тилешим керекпи?

Өзүмөн 15 жаш улуу эжени сүйөм, канча аракет кылсам да унута албай койдум.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт