Коронавирустун пандемиясынан кийин да сакталып кала турган санитардык эрежелер

2020.06.11, 23:00
336

Коронавирустун пандемиясы айрым жүрүм-турумубуздун эрежелерин жана тазалыкка болгон мамилени өзгөртүүгө мажбур кылды. Саламаттыкты сактоо министрлиги таңуулап жаткан айрым санитардык нормалар, маселен беткап тагынуу, бизге ыңгайсыздык жаратып жатат, өзгөчө ушундай күн ысыкта. Бирок башка шарттары бизди “ушу бойдон эле калтырып койсокпу?” деген ойго түрттү.

Түрдүү инфекциялардын алдын ала турган бир нече эрежелерди чогулттук.

Кыргызстанда “кир колдун оорусу” деп аталган илдеттер абдан көп, алар гепатит А (сарык), ротавирустук инфекция, ичекарын инфекциялары, осул, өзгөчө кичинекей балдарда.

Сырттан киргенде, тамак ичээрде, тамак даярдаганда, кир бир нерсе кармаганда, ар дайым колду жууп туру керек. Коронавирус бүткөндөн кийин деле.

Инфекциялардын басымдуу бөлүгү аба-тамчы аркылуу тарайт. Чөнтөгүңө бет арчы сала жүрүү оорчулук деле жаратпайт. Эмнегедир көпчүлүк буга кайдыгер карашат. Коомдук жайларда, транспортто озун жаппай эле чүчкүрүп, жөтөлүп, жолго түкүрүп, какырганды нормалдуу нерсе катары көргөндөр жок эмес. Бирок бул жеке гигиенанын жана маданияттуулуктун негизи, ошондуктан пандемия аяктагандан кийин деле бет аарчы же салфеткага чүчкүрүүнү адат кылып алалы.

“Кир колдун оорусу” деген ооруларды алдын алуу үчүн жардам бере турган дагы бир мыкты эреже – колду самындап жуумайын, бетти, оозду, мурунду, көздү кармабоо.  

Күндө бөлмөнү, үйдү, адамдарды кабыл алуучу мекемелерди дезинфекциялап туруу санитардык стандарт болуп саналат. Коомдук транспортту хлорка менен “обработка” кылуу катардагы иш чара болууга тийиш.

Бөлмөлөрдү күндө желдетүү – бул да санитардык стандарт. Балдары бар үй-бүлөлөр жана балдарды кабыл алуучу мекемелер үчүн өзгөчө маанилүү. Жөн гана желдетүу жетишсиз. Нымдуулуктун деңгээлин 40-50%да, ал эми бөлмөнүн температурасын 18 градуста болушун көзөмөлдөп туруу зарыл.

Так ушундай шарт биздин дем алуу системабыз үчүн абдан ыңгайлуу.

Дүкөнгө кирип соода кылдыңар, акча кармадыңар, жаныңарда кичинекей балаңар бар, ал да ар нерени кармап көргүсү келет, оозуна салат. Жаныңарда санитайзер болсо, ар дайым колду таза кармай аласыз. Ал оор эмес, көп орунду ээлебейт жана арзан. Санитайзер ар бир айымдын сумкасында, ар бир машинеде бар болууга тийиш.

Офисти жуугандар (уборщица) кызматкерлердин столун, оргтехниканы тазалашпайт. Айрым учурларда пол столдун үстүнө караганда тазараак болушу мүмкүн, анткени күндө ным тряпка менен сүртүлөт. А сиз иш ордуңузду жумасына канча жолу сүртөсүз? Адатта столдун үстү аябай чаң болуп калганда, же бир нерсе төгүп алганда гана сүрүүгө аргасыз болобуз.

Мурду бырылдап, чүчкүрүп келген кызматкердин башкаларга оору жугузбай үйдө эле отурганы жакшы. Ушул эле система мектеп жана бакчаларда болууга тийиш.

“Бардык карантинге тиешелүү иш чаралар аяктаганда деле жок дегенде антисептиктерди жана санитайзерлерди массалык түрдо колдонуу маданияты калыптанып калса жакшы болмок. Өзгөчө, дүкөн, мектеп, коомдук транспорттордо.

Беткапты ар дайым эч ким кийип жүро албаса керек, а бирок колдун гигиенасын сактоо анчалык түйшүктүү эмес. Бул ичекарын инфекцияларын эле эмес, башка респиратордук инфекцияларды жуктуруу коркунучун төмөндөтмөк.

Ошондой эле кол кармашуу салты да ушуну менен жоюлуп кетсе жакшы болмок. А баса дистанцияны сактоо да жакшы көрүнүш. Себеби жеке чек араны бузуу бардык жагынан алып караганда жагымсыз көрүнүш”, - дейт Медициналык тез жардам борборунун реанимация бөлүмүнүн жетекчиси Егор Борисов.

«Бул графика «Сорос-Кыргызстан» фондунун «COVID-19 - Медиа кол кабыш» долбоорунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну "Bilesinbi.kg" сайтынын жоопкерчилиги болуп саналат жана "Сорос-Кыргызстан" Фондунун көз карашын билдирбейт».

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт