Жолдошум өзүнөн улуу аялдарды жакшы көрөт экен. Эмне кылышты билбей турам
Саламатсызбы. Мен 21 жаштамын, турмушка чыкканыма бир жылдан ашты, балалуу боло элекпиз. Менин көйгөйүм, жолдошум өзүнөн улуу аялдар менен сүйлөшөт экен. Аны билгенде экөөбүз аябай уруштук, башка сүйлөшпөйм, деп сөз берген. Андан бери жакшы эле жашап жатканбыз. Бир жума мурун бир аялга “жолугалы, мени “черныйдан” чыгарып кой” деп жазыптыр. Кайра урушуп, жаңжал чыкты.
Күйгөнүм, мага бир да жолу “жакшы көрөм”, деген сыяктуу сөздөрдү айткан эмес, жанагы аялдарга ошентет экен. Балалуу болсок кандай болот?
Эмне кылышты билбей калдым. Кеңеш бергилечи?
Жибек Кенжебаева
Психолог
Саламатчылык. Сиздин ызаланып, жана таарынып жатканыңызды түшүнүп турам. Түгөйүңдүн ала жипти аттаганы чыккынчылык. Бул нерсе сиздеги нааразычылык сезимдерин жаратат.
Жолдошуңуздун жасаган мамилеси сизге кандай таасир этет, жайдары айтып бериңиз. Күнөөлөбөңүз, кемсинтпеңиз, кыйкырбаңыз. Өзүңүздүн абалыңызды жеткирүүгө аракет кылыңыз.
Анын да айткандарын угуңуз. Андан кийин биригип бир чечимге келиңиз. Жолдошуңуз макул болсо үй-бүлөлүк психологго кайрылып, консультация алып көргүлө. Бул да ортодогу мамилени түшүнүүгө көмөк көрсөтөт.
Эмнегедир көпчүлук бала төрөлгөндөн кийин адамдын өзү, мамилеси өзгөрөт деген пикирде болушат. Үй-бүлөдө баланын пайда болушу жубайлардын кошумча милдеттери жаралганын гана көрсөтөт. Жолдошуңуздун жүрүм-туруму өзгөрбөшү деле мүмкүн.
Ала жипти бир жолу аттап, өнөктөшү кечиргенден кийин, ал жолго такыр барбаган адамдар деле бар. Ошол эле учурда “баары бир кечирет, кайда бармак эле” деп ой жүгүрткөндөр да аз эмес.
Жакшылап ойлонуп, таразалап көрүңүз. Өз бактыңыз үчүн жоопкерчилик өзүңүздүн колуңузда.
Ийгилик!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.
Үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу бул жактан окусаңыз болот:
Биз ачка отурганда атам ичип-жеп крутой машине тээп жүрө берчү
Туура түшүнүп, ашыкча кызганбай, айтканарына ишендим. Ишеничим акталган жок
Жигитим менен акыркы жолугушууга бармакмын. Чын дилимен бакыт тилешим керекпи?
Өзүмөн 15 жаш улуу эжени сүйөм, канча аракет кылсам да унута албай койдум.