// //

Күйөөм ата-энемди, бир туугандарымды сыйлабайт. Ага кантип түшүндүрөм?

2020.06.10, 12:16
1836

Саламатсызбы. Жашым 33тө. Турмушка чыккам, төрт балам бар, бардыгы кудайга шүгүр. Болгону жолдошум, менин ата-энемди, бир туугандарымды, жакшы көрбөйт, жана сыйлабайт.

Жолдошумдун ата-энеси биз баш кошо электе эле каза болгон экен. Өзү көп бир тууган. Бардыгын сыйлап, жакшы мамиле жасап келем. Бирок акыркы кезде тажап кеттим.

Ата-энемдин үйүнө барып келейин десем эле жаңжал. Барбай, жүрө берсем, жашообуз тынч өтө берет. Кайын эжелерим тез-тез келип кабар алып турушат. Аны деле көрүп түшүнбөйт.

Өзүмдү алаксытып, балдарымдын келечегин, башка жакшы ойлорду ойлоюн дейм, бирок терс ойлор кайра эле мээме кире берет.

Жолдошума кандай түшүндүрсөм болот? Сураныч кеңеш бергилечи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.06.2020, 12:17

Эльвира Чокоева

Психолог

Саламатчылык. Чынында бул ситуациядан чыгуу жолу бар, ал кандай жол экенин өзүңүз деле жакшы түшүнүп турасыз. Болгону жоопкерчиликти моюнуңузга алгыңыз келбей, психологго кайрылууну туура көрдүңүз.

Сиз күйөөмдүн жакындарын, бир туугандарын сыйлайм, ал меникин сыйлабайт, деп жазып жататсыз. Демек, ортодо тең салмактуулук жок экен.

Жакындарыңызды сыйлабаса демек сизди деле урмат-сыйга бөлөп койгон жери жок. Чынын айтыңызчы, өзүңүздү өзүңүз сыйлайсызбы? Сизге ушундай мамиле жасалып жатканына жол берип жатсаңыз.

Күйөөңүздүн мындай мамилеси сизди ачуулантып жатканы нормалдуу көрүнүш. Анткени анын кылгандары сизге катуу тийип жатат, бирок нааразычылыгыңызды ачык айткандан коркосуз. Балким уруш чыккандан чоочулайсыз, балким жаман аял деген атка конгуңуз келбейт. А балким башка да себептер бар.

Күйөөм менен кантип сүйлөшөм деп сурап жатасыз. Кандай болсо ошондой айтыңыз. Үй-бүлөдөгү түшүнүүнүн пайдубалы – ДИАЛОГ. Ар дайым оюңду ачык айтып, өнөктөшүңдүн пикирин да угуп, эске алуу зарыл. Болбосо таарынычтар улам чогулуп отуруп, бир күнү чоң чырга айланат, же болбосо сиздин ден соолугуңузду жабыркатат.

Жакшы нерсени ойлогум келет деп жаздыңыз, бул ириңдеп кеткен жаратты кооз кийим менен жаап алганга барабар. Канчалык укмуш кийим кийип алсаңыз деле айыкпаган жараңыз оорута берет. Болгону жараны ачып, дары менен майлап сүйкөп дарылоо керек. Жара деле башында ачыштырат, бирок кийин жакшы болуп кетет.

Мындай салыштырууну эмнеге келтирип жатканымды түшүнсөңүз керек.

Бактылуу болуңуз!

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.

Психологдун башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:

Биз ачка отурганда атам ичип-жеп крутой машине тээп жүрө берчү

Туура түшүнүп, ашыкча кызганбай, айтканарына ишендим. Ишеничим акталган жок

Жигитим менен акыркы жолугушууга бармакмын. Чын дилимен бакыт тилешим керекпи?

Өзүмөн 15 жаш улуу эжени сүйөм, канча аракет кылсам да унута албай койдум.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт