// //

Чоң энем бакканы үчүн ата-энем мага боор тартышпайт. Психологдун кеңеши

2020.06.05, 15:10
1890

Мен 15 жаштамын, үй-бүлөнүн эң улуусумун. Бала кезимен чоң апа, чоң атамдын колунда өстүм, алар каза болгондон кийин Бишкекке ата-энемдикине келип, алар менен туруп калдым.

5ке чыкканда сиңдим, андан кийин иним төрөлдү. Улуу болгонум үчүнбү, атамдын мени “кызым” деп, бетимен өпкөнүн көргөн жокмун. Иним менен сиңдиме алар каалаган нерсесин алып беришет, менин кем-карчымды сурашчу да эмес. Аларга эркелегим келет, отуруп алып, эркин, ачык сүйлөшкүм келет. Бирок андай боло албадык.

Жиндери келгенде, “качан сенден кутулабыз, качан күйөөгө тиесиң?” – деп айтышат. Бул сөздөрү мага катуу тиет.

Сиңдим мага башчы, ага сөз кайтарсам, ашыгы менен айтып, ата-энеме даттанат. Алар кайра мени урушушат. Сиңдимди сен тыңсын, келечекте ырчы кылабыз, деп эркелетишет, үйгө таттуу алып келишкенде алайын десем, чоңоюп эле калган кызсың го, уялбайсыңбы, дешет. Жада калса тамагымды санап турушат. Сен бизди банкрот кылганга эле жаралгансың, бекер тамак ичип көнгөнсүң, деп сүйлөнүшөт.

Келечекте актриса же визажист болгум келет, апам сен тикмечи эле болосуң дей берет. Кыскасы өзүмө болгон ишеним жок. Досторумдун жанында гана бактылуумун, алардын арасында жүргөндө шайырмын, күлдүрүп, көп сүйлөйм. Өз оюмду эркин айтам.

Мотивация бере турган китептерди көп окуйм, өзүмө ишенимдүү жүрүүгө аракет кылам. Ата-энеме күчтүү экенимди кантип көрсөтсөм, аларды дүйнө жүзүн кыдыртсам, деп кыялданам. Кантип эрктүү боло алам?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.06.2020, 15:11

Карлыгаш Акимкулова

Психолог

Саламатчылык!

Ата-энеңиз сизди түшүнүүгө аракет кылбай, көңүлүңүздү оорутуп жатканы өкүнүчтүү. Алардын сүйүүсүнө татыктуу болуу үчүн бардык күч аракетиңизди жумшап жатасыз. Ата-энем мени менен сыймыктанса экен, мени жакшы көрүшсө экен, деп кыялданасыз.

Сиздин жашоо эки бөлүккө бөлүнгөндөй, чоң ата, чоң апаңыз менен жашоо, кийин ата-энеңиз жана бир туугандарыңыз менен жашоо. Ата-энеңиз сизди өз кызындай кабыл ала алышпай калган. Адатта улуу балдарды чоң апалары же таенелери тарбиялаганда ошондой болуп калат. Сиз алар үчүн кемпир-чалдын кызысыз.

Бул үй-бүлөгө келери менен жашоодогу ролуңуз өзгөрдү, үйдүн эрке кызынан улуусуна айландыңыз. Бирок сиздин сонун артыкчылыгыңыз бар. Чоң апаңыз менен чоң атаңыздын чексиз сүйүүсүн алдыңыз, ошол сезим сизге жылуулук, күч-кубат берсин.

Ата-энеңиз менен шашпай отуруп, сүйлөшүп көрүңүз. Ичиңиздеги сезимдериңиз тууралуу айтып бериңиз. Алардын мээримине, колдоосуна муктаж экениңизди түшүндүрүүгө аракет кылып көрүңүз.

Ийгилик!

Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Балага тарбия берүү тууралуу кызыктуу макалаларды бул жактан окусаңыз болот:

Уулум атасынын жок экенин билбесе экен деп, каалаган оюнчугун алып берем

Үч жаштагы балам чочосун кармай берет, кантип койдурам? Психологдун кеңеши

Ата-энем мигрант, таежем жини келгенде мени себепсиз эле уруп салчу

Жерге жата калып ыйлаган балдарга кыжырым келчү, эми өзүмдүн балам так ошондой

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт