// //

Кызымдын жигити ага белек-бечкек алып бербейт, кемсинтет. Эмне кылышым керек?

2020.06.04, 11:18
1596

Саламатсызбы. Менин көйгөйүм мындай: 18 жаштагы кызым бар, учурда фармацевтика факультетинин 1 курсунун студенти. Өзүнөн 6 жаш улуу бала менен сүйлөшөт. Тоскоол болгон жокмун, түшүнүүгө аракет кылып, дос болууга умтулдум.

Чынында, жигити менен мамилеси мага жакпайт. Өзүмдүн тажрыйбама таянып, анын жүрүм-турумун жактырбайм. Анткени, жигиттер сүйлөшкөн кыздарына белек-бечкек алып беришет эмеспи. Бул балада андай нерсе жок.

Ата-энеме жакпайсың, үй-бүлөңдү жактырышпайт, деп көп айтат экен. Кызым анда сүйлөшпөй эле коелу десе, ага да көнбөйт. Ушундай сөздөрдү укса да кызымдын аны менен сүйлөшүүсүн уланта бергени мени кыжаалат кылып жатат. Кызым аны аябай жакшы көрөт.

Эмне кылышым керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.06.2020, 11:20

Карлыгаш Акимкулова

Психолог

Саламатчылык.

Мен сиздин кызыңызга болгон санааңызды жакшы түшүнүп турам. Ал азыр али жаш, балким бул анын биринчи сүйүүсү?

Жигити аны баалабайт, барктабайт экен, өзүн да, үй-бүлөсүн да кемсинтет. Кызыңызга анын сөздөрү катуу тийсе керек. Себеби ал сиздин үй-бүлөнүн бир бөлүгү. Ар бир адам үчүн үй-бүлөсү менен тыгыз байланышта болуп туруу маанилүү.

Менимче бул жигит бой көтөргөн бала, өзүн “куткаруучу”, “тарбия берүүчү” катары сезгиси келет. Мындай мамиле тең ата мамиле эмес. Сиздин максатыңыз кызыңызга ушул ойду жеткирүү.

Сиз эч убакта кызыңызга курбу, дос боло албайсыз. Аракет да кылбаңыз. Сиз анын апасысыз, жана ар дайым апасы бойдон калууга умтулуңуз. Апа – бул колдоочу, коргоочу, кам көрүүчү, кеңеш берүүчү, сооротуучу, эркелетүүчү адам. Апага эч ким тең боло албайт.

Болгону кызыңызга убакыт бериңиз, ал өзүнө тажрыйба топтошу керек. Жеке жаңылыштыктарды кетириши керек. Азырынча шашпай тургун, аны менен жолуга бер, бирок турмушуңа тиешелүү маанилүү чечимдерди кийин кабыл ал, деп айтыңыз.

Менин сизге бере турган башкы кеңешим, кызыңызды көбүрөөк мактаңыз, өзүнө болгон ишенимин жогорулатыңыз. Анын артыкчылыктарын баса белгилеп айтып туруңуз.

Шартыңыз болсо психологго алып барыңыз. Ал мамилени жакшыраак түшүнүүгө жана өзүн барктоого үйрөтөт.

Ийгилик!

Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Балага тарбия берүү тууралуу кызыктуу макалаларды бул жактан окусаңыз болот:

Уулум атасынын жок экенин билбесе экен деп, каалаган оюнчугун алып берем

Үч жаштагы балам чочосун кармай берет, кантип койдурам? Психологдун кеңеши

Ата-энем мигрант, таежем жини келгенде мени себепсиз эле уруп салчу

Жерге жата калып ыйлаган балдарга кыжырым келчү, эми өзүмдүн балам так ошондой

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт