// //

Үйгө айттап келген кошуналар кара ундан жасалган боорсогубузду жебей коюшкан

2020.05.24, 11:57
7359

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Бананды биринчи жолу көрдүм"

Ар бир айт күнү ушул окуя эсиме түшө берет.

Анда мен он жашта элем. Шаарга жаңы көчүп келгенбиз. Эки этаж үйлөрдү биринчи жолу көрүшүм. Ичине киргим келгенин айтпагыла. “Ата, биздин дагы үй ушундайбы”, жол бою мээсин жеп бардым. Атам чачымдан сылап, “биздики мындан да сонун” деди, жеткиче чыдамым кетти.

Куштун уясындай болгон эки бөлмөлүү времянка экен. Айланасы заңгыраган үйлөр. Биздики ортодо кыпчылып көрүнбөйт. “Эмнеге калп айттың?”-деп атама таарындым. Кийин гана атамдыкы чын экенин билдим.

Атам жумуш издеп кетти. Апам түйүнчөктөрүбүздү чечип, ичиндеги буюмдарды үйгө кое баштады. Бул жерде көпкө чейин болорубузду түшүндүм. Жардам берген жокмун. Таарынып алма бактын түбүндө отура бердим.

Кечинде атам сүйүнүп келди. Бир жерге куруучу болуп орноштуруп.

Таң атты. Күбүр-шыбыр болуп жатканынан ойгондум. “Эртең айт эмеспи, кошуналарды чайга чакырып коелу”,-деп апама тыйын таштады. Апам жумушка кие турган кийимдерин көк пакетке салып берди. Ошентип атам күн чыга электе жөнөп кетти.

Базар. Элдин көбүн айтпагыла. Бананды биринчи жолу көрдүм. Арабаларда эле тизилип турат экен. Тиктеп калганымды байкаган апам, бирди сатып берди. Продукту алдык. Кетип баратып унду унутуп калганыбызды билдик. Калган тыйыныбызга экинчи сорттогу ун сатып алдык.

Апам боорсок бышырды. Жерге дасторкон жайып, айылдан ала келген варенье, каймак, сары май, сүзмөлөрдү койдук. Мен кошуналардын үйүн кыдырып саат төрткө чакырдым. Мына кирип келатышат. Укмуш кийинген эже, байкелер экен.

Дасторконго отуруп, эки жакты сынай карашты. Апам чай сунду. Бир эже боорсок көтөрө келиптир. Баштыгынан алып чыкканда биздики анын жанында капкара экенин билдим. Атам өзүн тааныштырып, эмне үчүн шаарга көчүп келгенибизди айтып отурду. Башка эч ким сүйлөгөн жок. Байкасам, кошуналар биздин боорсокту ооз тийишпеди, тиги эженин ак боорсогун жеп отурушту. 

Азыр студентмин. Эки иним бар. Атам бир курулуш компаниясында жетекчинин орун басары. Эки этаж үйдө жашайбыз. Апам айт күнү ак ундан боорсок жасайт. Бирок, мен баягы времянканы сагына берем. Кудайга шүгүр, азыр жашообуз сонун, бирок ал үйдө башкача бактылуу элек.

Түндө  кепедей времянканын свети жаркырып күйүп, ичинен каткырыктар угулат. Ал эми айлансындагы чоң тамдардын бир эле терезесинен жарык үлбүрөйт. Ичи тымтырс.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм экөөбүздү эки жыл баккан кайын агама ыраазымын

Күйөөм “менден балалуу боло албайсың, кетип эле кал” деп ыйлады

Кайын энемди көп сүйлөйт дешип жанына отургандан качышат

Эжем бай жерге турмушка чыккандан бери апам менен сүйлөшпөй калды

Кайын сиңдилүү болгондон коркуп, карындашы жок жигитке тием дечүмүн

Өч алгым келип жүргөн эски сүйгөнүмө арак көтөрүп келатып жолугуп калдым

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт