// //

Көздөрү кыпкызыл, бирок мас эмес. Баласы баңгизат колдонгон эненин баяны

2020.05.19, 13:57
3606

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

“Биринчи жолу кечирдим, экинчисинде чектен ашып кетти. Эми ага кантип ишенем, билбейм”,-деп сөзүн баштаган Чынара (аты өзгөртүлдү) учурда уулун кайтарып отурганын айтты.

Биринчи калпы

Жолдошум 30 жашымда каза болду. Эки уулум менен жалгыз калдым. Аларга жакшы тарбия берүүгө аракет кылдым. Кудайга шүгүр, турмушубуз жакшы. Улуу балам аябай аракетчил, жашоодон өз ордун тапкан. Кичүүсү азыр 21 жашта. Жумшак, тил алчаак, элпек. Бирок, ал мени эки жолу алдады.

Шаарда дүкөнүбүз бар эле. Ар дайым мектептен кийин мага жардам берип жүрдү. Аябай жакшы бала болчу. Сегизинчи классында мугалими чалып мектепке көптөн бери келбей жатканын айтты. Катуу уруштум, андан кийин кайталанган жок. 

Кийин уулуу балам экөөбүз Россияга кеттик. Көп өтпөй туугандарым чалып кичүү баламдын эки досу үйүбүздөн кетпей калышканын айтышты. Жаныма чакыртып алдым.

Тез эле көнүп кетти. Биринчи эмгек акысын толугу менен мага берди. Экинчисин берген жок. Мен түнкү, ал күндүзгү сменада, дээрлик бири-бирибизди көрчү эмеспиз. Бир күнү телефонундагы каттарды окуп, иштебей эле элди алдап жүргөнүн билдим. Дагы көз жаштар төгүлүп, ызы-чуу болду.

Экинчи калпы

Ашпозчу кылып жаныма киргизип алдым. Айлык маянасы жакшы болчу. Өзү да өтө даамдуу тамак жасайт эле. Элге жагып, премия ала баштады. Аябай кубандым. Эки жолу айлыган мага карматты. Андан кийин өзү чогулткусу келип жүргөнүн айтты. Мотивация болсун деп макул болдум. Ал акчасын чогултуп жатты, мен экөөбүзгө төлөп жүрдүм. Андан кийин башка жумушка орношом деп сөзүмдү укпай кетип калды. Акыркы күндөрү кеч келе баштады, үйгө түнөбөй калды.

Метронун жанынан жолуктурдум, мени көргөндө тамекисин ыргытып жиберди. Көздөрү кызарган, бирок мас эмес.

Уруштум. Унчукпайт. Уктап калгандан кийин дагы телефонун текшердим. Көргөн көзүмө ишенген жокмун. Гашиш, синтетика, ар кандай жыйындар жөнүндө жазышкан каттар экен. Жумушунан эбак эле айдалыптыр. Эч кандай акча чогултаптыр.

Азыр мени менен үй камагында. Карантин учурунда эмне кылышымды билбейм. Ал баягыдай жакшы бала болуп калды, жоош, айткандарыңды аткарат, бергениңди жейт, китеп окуп жатат. Уулум келишимдүү, ажарлуу, бойлуу жигит. Эмне үчүн ал ушул жолду тандады? Каерден ката кетирдим? Эми эмне кылам?

Адистер эмне дейт

Наталья Джунковская, баңгизаттардан көз каранды бейтаптар менен иш алып барат, психолог

Кутмандуу күнүңүз менен!

Мен үчүн адамды көрбөй, билбей, кандайдыр бир суроолорду берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болбой туруп жардам берүү кыйын. Ошентсе дагы суроолоруңузга жооп берүүгө аракет кылам.

Эмне үчүн ал ушул жолду тандады?

Менде так жооп жок, божомолдор гана бар. Чындыгында, бул нерседен эч ким корголгон эмес. Адамдар ар кандай себептерден улам бир нерсеге берилип кетишет. Көбүнчө "жаман компаниянын" таасири астында. Гашишти бир нече жолу татып көрүү менен ага көз каранды болуп калса болот. Көз карандылык дайыма кандайдыр бир муктаждыкты канааттандыруунун айынан пайда болот. Анткени баңгизат көйгөйлөрдөн алыс болуунун мыкты жолу.

Адам кайф учурунда болушунча жайбакарат абалда, эч ким анын тынчын албайт, ал бакыттын туу чокусуна жетет, бардыгы мыкты болот. Ага аз эле нерсе керек, дозасын гана алуу. Күнүмдүк жашоодо болсо жогоруда айтылгандарды сезиш үчүн көп күч-аракет жумшоо зарыл. Жумушка барып, айрым көйгөйлөрдү чечип дегендей. Албетте, көпчүлүк адамдар үчүн тез натыйжа алып, минималдуу аракет менен жүрүү оңой сезилет.

Көбүнчө адамдар кийинки жыйынтыктар жөнүндө ойлоно беришпейт. Адатта мени менен нерсе болбойт, мен бардыгын көзөмөлдөп турам дешет. Каалаган учурда көз карандылыкты токтото алаарына ишенишет. Эч ким бир нерсени колдоно баштаганда, ал өмүр бою созулаарын жана жашоону түбөлүккө бузаарын ойлобойт.

Каерден ката кетирдим?

Үчүнчү классымда математика сабагынан эсеп чыгарып жана ката кетирип жатканымды эстеп кеттим. Мектептен мага эсепти кантип туура чыгарууну үйрөтүшкөн. Бул жерде болсо эч ким сизге үйрөткөн жок, кандай кылса ката же туура болоорун. Сиз эне катары балдарыңызга жакшылыктарды гана каалаганыңызга ишенем. Ал үчүн көп аракет жасадыңыз.

Мен эмне кылам?

Бул абалда эмне кылуу керектигин түшүнүү үчүн, өзүңүзгө дагы бир суроо беришиңиз керек. Жыйынтыгында эмнени каалайсыз? Ар бир кемеге так багыт керек.

Албетте, уулуңузга ушул көз карандылыкты жеңүүгө жардам бергиңиз келет. Бирок, азыр мен айта турган нерселер сизди ачуулантышы мүмкүн. Балаңыз көйгөйлөрү бар экенин моюнга албаса, анда ага жардам бере албайсыз, ошону эске алуу керек.

Ал баары бир мезгил-мезгили менен алдап, экинчи кайталанбайт, деп ант берип жүрө берет.

Бул жерде аны сактап калууну токтотуу абдан маанилүү жана кыйын: милициядан алып кетүү, жумушка орноштуруу. Уулуңуздун өмүрү үчүн жоопкерчиликти өзүнө кайтарып бериңиз. Бул аябай татаал, бирок, албетте, тандоо сизде. Адистерге кайрылууну сунуш кылам. Сизге ийгилик, чыдамкайлык жана күч-кубат каалайм.

«ДемНур» медициналык борборунун директору, психиатр, врач-нарколог Шайлообек Өмүралиев 

Баңгилик оорусу – бул үй-бүлөнүн оорусу. Баңгизатка же спирт ичимдиктерине көз каранды болгон адмадардын ата-энеси, туугандары ар дайым ой баскан, ызааланган, өкүнгөн, ачуулуу абалда болушат. Мисалы, “балам ушундай болуп калды”,- деп, курмандык позициясында жүрүшөт. Ошон үчүн биринчи кезекте үй-бүлөсүн дарылоо зарыл.

Сасык тумоо менен ооруган адамды тилдесең айыкпайт, бул жерде дагы ошондой эле, урушкандан пайда жок.

Баңгилик оорусунун бир өзгөчөлүгү – моюнга албоо. Буларда “мен наркоман эмесмин, каалаган убакта таштап коем” деген коргонуу механизми бар. Ошон үчүн адам оорусун мойнуна албаса, таштоого ниети, мотивациясы болбосо эч нерсе өзгөрбөйт. Медикаменттик дарылоо бул биринчи эле этап. Эң негизгиси мээдеги зомби программаны жок кылуу, тазалоо керек.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм окуган-чокуган, билимдүү эле киши, бирок баңги затын колдонот экен

Намаз окуган күйөөмдүн наша чегээрин билип калдым деген келиндин баяны

Жаштарды азгырган аракечтик

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт