// //

Күйөөм окуган-чокуган, билимдүү эле киши, бирок баңги затын колдонот экен

2020.01.29, 11:26
2038

Күйөөм 28 жашта. Окуган-чокуган, билимдүү, жакшы жерде иштеген эле киши. Бирок жарым жылдан бери марихуана чегип жүргөнүн байкачу болдум. Эки жолу үйдөн таптым, андан тышкары ар дайым жанына пипетканын резинкасын жана нафтизин алып жүрөт. Көздөрү кээде кызарып калат. Өзү менен сүйлөштүм, такыр мойнуна албай койду.

Меникиндей абалда эмне кылыш керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.01.2020, 11:29

Наталья Джунковская

Баңгизаттардан көз каранды бейтаптар менен иш алып барат, психолог

Саламатчылык. Нафтизин колдонуунун жөнү бар. Ал көздөрдүн кызарып кетүү эффектисин алып салуу үчүн пайдаланылат. Мындай абалда эмне кылыш керек, деген сурооңузга жооп алуу үчүн, алгач “Мен кандай натыйжаны күтөм?” – деген суроого так, даана жооп берүү керек. Андан тышкары төмөнкү суроолор туурасында да ойлонуп көрүңүз:

  • Сизге бул ситуацияда эмнелер жакпайт?
  • Сиздин оюңуз боюнча, эмне үчүн күйөөңүз баңгизатын колдоно баштады?
  • Баңгизатын колдонгону силердин мамилеңерге кандай таасирин тийгизди?

Ушулардын негизинде диалог кура баштаса болот. Эсиңизде болсун, баңгизатын колдонгондор, чындыкты айтуу кооптуу болгон адамдарга калп айтышат. Ошондуктан, ишенимдүү атмосфера түзгөнгө аракет кылыңыз. Мындайда жаралган көйгөйдү бирге чечүү мүмкүнчүлүгү жогорулайт.

Адистерге кайрылып, тиешелүү жардам алганыңыз туура болот. Эмнеден баштоону билбей жатсаңыз бизге кайрылсаңыз.

Ийгилик!

Наталья Джунковскаяны Консалтинговый центр "ИнтерАктив"

"Добрый доктор" клиникасынан тапсаңыз болот. 

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт