Жаштарды азгырган аракечтик

2018.05.07, 17:57
1052

Акыркы коңгуроо кагылаарына аз калды. Бүтүрүүчүлөр экзаменден дагы бүтүрүү кечесине катуу даярдык көрүп жаткан убак. Мындай кечелер ичимдиксиз өтпөй турганы баарыбызга эле маалым.

Аракечтик өлкөбүздө күн санап жашарып барат. Ага ылайык кылмыштуулукка аралашкан жаштардын саны дагы өсүүдө. Жаштардын бул зыяндуу заттын курмандыгы болушуна ким себепкер? Эрте курактан алкоголдук ичимдик колдонуу келечекке кандай таасир берет? Бул жана башка суроолорго төмөнкү материалдан жооп тапканга аракет кылабыз.

Ата-энелер балдарын ичимдик алып келгенге өздөрү жиберет

Алгач өлкөбүздө ичимдик колдонуу мыйзамдары кандай иштеп жатканын текшерип көрүүнү чечтик. Мыйзамга ылайык алкоголдук ичимдиктерди сатууда, 18 жашка чейинкилерден паспорт талап кылуу талабы камтылган.

Натыйжада биз жашы жете электерге спирт ичимдиктерин сатпоо талабы канчалык деңгээлде аткарылып жатканын билүү максатында 15 жаштагы өспүрүм менен кечке жуук бир канча дүкөнгө баш бактык. Шаар ичиндеги чоң соода дүкөндөрүндө колуна сыра жана вино алып барган жеткинчектен сатуучу дароо эле жашын сурады. Бирок “үйгө конок келди, апам мени жиберди” деген суроодон кийин, үндөбөстөн берген акчасын алды. Жаңы конуштардагы күркөлөрдө болсо сатуучулар өспүрүмдүн алкоголдук ичимдик алып жатканына маани деле берген жок. Мындай сатуучунун бирине кайрылып, эмне себептен жашы жете электерге ичимдик сатканын сураганыбызда ал спирт ичимдиктерин алып келүүгө ата-энелер балдарын өздөрү жиберерин, бербей койсоң кайра ачууланып келерин айтып актанды. Ошондой эле тааныш-билиштин балдарына ичимдик сураксыз берилет экен. Айтмакчы, сатып алган бала аны үйүнө алып барабы, же достору менен сайрандайбы, бул туралуу эч ким ойлобойт.

Кыргызстанда алгачкы жолу ичимдикти 16 жашта татышат

2017-жылга карата Европа долбоорунун (ESPAD) методологиясына ылайык мектептерде ичкилик ичүү жана баңги заттарды колдонуу маселеси жаатында сурамжылоо жүргүзүлгөн. Жалпысынан 2022 анкета топтолуп, алардын ичинен 953 анкетаны (47,6%) эркек балдар жана 1051ин (52,4%) кыздар толтурган. Алынган маалыматка ылайык:

Кыргыз Республикасында окуучулардын 29,7%ы өмүрүндө ичкиликтин кайсы бир түрүн ичип көргөндүгүн билдиришкен, алардын ичинде кыздардан (26,4%) эркек балдардын саны көбүрөөк (33,4%).

3-ТАБЛИЦА: Ичкилик ичүүнүн жайылышы эркек балдар жана кыздар арасында, %:

Эсептелип чыккан маалыматтарга таянып, аз гана сандагы өспүрүмдөр ичимдикти 9 жашында же андан эрте татып көрөрү маалым болгон. Алар баарынан көп шампанды, божомолдоолор боюнча майрамдарда үй-бүлөлүк салт катары (2,4%) жана сыра (2,1%) ичишкен. Биздин өлкөдө ичкиликти алгачкы жолу эң көбү 16 жаш жана андан улуу куракта татып көрүшөт.

1-СҮРӨТ: Ичкиликти эрте куракта ичүү (13 жашта жана андан эрте) жыныстык белгиси боюнча, %

Салыштырмалуу аз сандагы окуучулар (6,4%) өмүрүндө куру дегенде бир жолу катуу мас болушкан.

4-ТАБЛИЦА: Мас болуунун жайылышы жыныстык белгилери жагынан, %

Окуучулардын 16,8%ы үчүн шампан сатып алуу «өтө эле оңой» же «оңой эле» болмок, 16,4%ы коктейль сатып алуу жана 15,0% сыра сатып алуу салыштырмалуу оңой деп эсептешет.

Аракечтик бул үй-бүлө оорусу

Балдардын ичимдикке берилүүсүнө, ата-энелер өздөрү күнөөлү. Себеби аракечтик бул үй-бүлө оорусу. Эгер үй-бүлө мүчөсүнүн бири ичсе, анын айланасындагылар дагы ооруйт. Мындай синдромду дүйнөлүк психологдор аныктап чыгышкан. Жашы жете электерге медика-психологиялык жардам берүүчү борбордун адиси Лариса Иванова баланын ичимдикке берилүүсүнө анын чөйрөсү себепкер болоорун айтты:

“Ата-энеси, бир туугандары ичкилик ичкен чөйрөдө чоңойуп жаткан баланын алкоголдук ичимдик колдонооруна мүмкүнчүлүк көп болот. Бул жерде генден дагы чөйрөнүн таасири чоң деп айтсак жаңылышпайбыз. Өспүрүмдү алкоголдук ичимдикти колдонууга алып баруучу шарттар ата-эненин жетишсиз көңүл буруусу, досторунун ичимдикти көп пайдаланышы, депрессия, үйдөгү, мектептеги чыр чатактар себеп. Бала чоңдордон көргөнүн туурай тургандыгын эстен чыгарбашыбыз керек”.

Алкологдук продукциянын түрлөрү

Кыргыз Республикасынын Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү мыйзамынын 9-беренесине ылайык Алкоголдук продукциянын түрлөрү болуп төмөнкүлөр эсептелинет:

1) арактар жана өзгөчө арактар;

2) ликер-арак ичимдиктери;

3) шарап материалдары;

4) шараптар;

5) көбүрмө шараптар, шампандар;

6) шарап ичимдиктер;

7) коньяк;

8) бренди;

9) кальвадос;

10) пиво;

11) башка күчтүү алкоголдук ичимдиктер;

12) башка алкоголу аз ичимдиктер.

Баары сырадан башталат

Жаштар аракечтикке сыра ичүү аркылуу бериле баштайт. Башында жөн гана суусун кандыруу үчүн ичишсе, кийин ансыз жашоо кыйындайт. Себеби бул алкоголдун эң коркунучтуу түрү. Атайын изилдөөлөргө караганда Кыргызстанда дагы эң көп сыра ичилет.

“Алкоголизм дарты 18 жаштан жогору болгон чоңдордо кездешет. Эгер өспүрүм жумасына 1-2 жолу алкоголдук ичимдиктерди ичсе, бул адат бир жылдан ашуун кайталанса анда өспүрүм алкоголдук ичимдиктерге көз каранды деп айтсак болот. Болжол менен 1 бөтөлкө сырада 5-6% алкогол, виски, аракта 40-50%, коньякта 30-60% алкогол болсо, майрамдарда ичилүүчү шампандарда 18%, квас, кымызда 0,5-1,7% болот.”- деди Лариса Ивановна.

“Сен ичпесең эркек эмессиң”

Аракечтикке жаштар көңүл ачуу, кызыгуу же болбосо кыстоо жана ооз тийүү менен берилет. Ичкен жаштардын көбү мектеп курагындагылар. Майрамдарда, кечелерде ичип баштаган окуучулар жыйынтыгында аракечтик оорусуна кабылат. Көбүнчө бүтүрүү кечелери спирт ичимдигисиз өтпөйт. Бул кечеге да саналуу гана убакыт калгандыктан шаар мектептеринин биринде психолог болуп иштеген Гүлмира айымга кайрылдык.

«Биз балдарды мектеп чегинде гана көзөмөлдөй алабыз. Ал эми ал чектен чыккан соң, алар өз билгенин кылат. Окуучулар ичип, бир нерсе болгон күндө дагы ата-эне мугалимди суракка алат. Психолог катары айтсам, көбүнчө ата-энеси чет жакта иштеген, же баланы көзөмөлгө албагандардын балдары бекерчиликтен ичип баштайт. Анан дагы эркек балдарда намыс деген нерсе бар. “Сен ичпесең эркек эмессиң” дегенге арданып олтуруп эле ичкиликке берилип кетишет.”

Чөйчөктөп ичүү алкоголизим дартына алып барат

Көпчүлүк арасында алкоголдук ичимдиктерди ченеми менен ичсе зыяны тийбейт деген пикир бар. Лариса Ивановнанын айтымында өлчөмү кичине болгон ичимдик дагы организимдеги 50дөн ашуун ооруну козгойт.

“Көпчүлүк адамдар мас болгуча ичпесең болду ошол жетиштүү деген жаңылыш ойдо болушат. Күнүнө мынча ичүү керек деген туруктуу ченем жок. Болжол менен эркектерге 20 грамм, аялдарга 10 грамм деп айтылганы менен ар бир адамдын организими индивидуалдуу, кээ бирөөнө кичине өлчөмдөгү алкогол дагы терс таасирин тийгизет. Ченеми менен ичип олтуруп, акырындап өлчөмүн көбөйтүп, көз каранды болуп калышы мүмкүн.”

Жыйынтыгында, алкоголдун жаш организимге тийгизген айрым терс таасирлерин айта кетсек:

  • Гормоналдык дисбаланс, төш, ич, бел, буттарда май топтоло баштайт.
  • Импотенция, тукумсуздук
  • Невроз
  • Эпилепсия
  • Галлюцинация
  • Боор клеткаларынын өлүшү
  • Мээ шишиги
  • Шал оорусу
  • Ашказан оорусу
  • Жүрөк, кан тамыр системаларынын бузулуусу
  • Бөйрөк оорусу
  • Кабыл алуу, билим алуу жөндөмдүүлүгүн төмөндөшү
  • Интелектуалдык жактан өрчүүнүн токтоосу
  • Эмоционалдык туруксуздук
  • Мээнин өлүмү
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт