Бойго бүтүрбөөчү дарылар зыян эмеспи? Алып ичкенден коркуп жатам
Саламатсызбы. Сурайын дегеним, жолдошум азырынча бойго бүтүрбөөчү дары ичип тур деп жатат. Колумда жаш балам бар. Мен кайсынысын алыш керек экенин билбейм. Ден соолукка зыян келтиреби деп корком.
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Адатта, оралдык контрацептивдик каражаттар аял төрөгөндөн кийин 6-12 айдан кийин жазылат. Дары жазып берерден мурун гинеколог бейтаптын организмин, ден соолугунун абалын, дене түзүлүшүн эске алат.
Андан тышкары оралдык контрацептивдерди кабыл алууга каршы көрсөтмөлөр болбоого тийиш. Мисалы:
- жүрөк кан тамыр системасынын оорулары
- кан уюу системасынын оорулары
- тромбоз
- инсульт
- инфаркт
- сүт бездеринин оорулары ж.б.
Бул оорулар менен жаыбркагандарга бойго бүтүрбөөчү дарылар жазылбайт.
Контрацептивдик каражаттардын терс эффектилери болушу мүмкүн. Бирок заманбап препараттарда андай көрүнүш сейрек кездешет. Кемчиликтерине салыштырмалуу артыкчылыктары көбүрөөк. Алар:
- гормондорду калыбына келтирет
- менструалдык циклдин узактыгын жана көлөмүн азайтат
- этек кири учурундагы ооруксунууну басаңдатат
- 3 жыл колдонулгандан кийин жатындын онкологиясын алдын алат ж.б.
Препараттарды өз алдынча алып ичүү өтө кооптуу. Сөзсүз гинекологго кайрылып, консультация алгандан кийин, ал сунуштаган дарыны гана алып ичичңиз.
Ден соолукта болуңуз.
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук боюнча башка маалыматтарды окусаңыз болот:
Кош бойлуулук календары (1-12 жума)
Кош бойлуумун аз-аздан кан кетип жатат. Коркунучу жокпу? Гинекологдун жообу
Жатыным эки ача экен, бойго бүтүүгө тоскоолдук болбойбу? Гинеколог жооп берет
18 жашымда дары менен бодйон түшүргөм, эми төрөй албаганым ошондонбу?