// //

Жатыным эки ача экен, бойго бүтүүгө тоскоолдук болбойбу? Гинеколог жооп берет

2020.04.10, 12:06
2274

Турмушка чыкканыма алты айдын жүзү болуп калды, боюма бүтө элек. Доктурга көрүнүп, УЗИге түшкөм, жатының эки ача экен деди, башка эч нерсесин айтан жок. Бул бойго бүтүүгө тоскоолдук кылайбы? Мен төрөй аламынбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.04.2020, 12:07

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Эгер сиз 35 жашкы чыга элек болсоңуз, алты ай тынымсыз корголбогон жыныстык катнашка баргандан кийин деле боюңузга бүто элек болсо деле тукумсуздук деген диагноз коюлбайт. Мындай корутунду бир жыл өткөндөн кийин гана коюлушу мүмкүн.

Эки ача жатын өто сейрек кездешет. Ал эми бойго бүтөбү же жок, жатындын өнүгүү аномалиясынан коз каранды. Эки ача болгон жери канчалык чоң болсо, ошончолук шанс төмөн болот.

Ал эми жеңил формасында боюна бүтүрүп, төрөп жүргөн келиндер көп. Көбүнчө кесердик кесүү менен төрөтүп алышат.

Ден соолукта болуңуз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт