// //

Кош бойлуумун, аз-аздан кан кетип жатат. Коркунучу жокпу? Гинекологдун жообу

2020.04.08, 11:45
2216

Саламатсызбы. Сиздин жардамыңызга муктаж болуп жатам. Төрт айлык боюмда бар. Үч күндөн бери эртең менен 2-3 тамчыдай кан келип жатат, мурдум да канай турган болду. Эмнеден болушу мүмкүн? Коркунучу жокпу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.04.2020, 11:47

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Кош бойлуулук учурунда жыныстык органдан кан келип жатса, алгач алардын кандай экенин аныктоо зарыл: кызыл, мала кызыл, күрөң?

Эгер түсү күрөң болсо, мурда хорион катмары бөлүнсө керек. Ал канчалык деңгээлде болгону кийинки абалыңызга таасирин тийгизет. Эгер бир аз эле болсо, анда кош бойлуулук өз нугунда өтө берет. Бирок, каттанып бөлүнгөн жери көп болсо, бул кооптуу.

Эгер кан мала кызыл болсо, андан тышкары мурдуңуз да канаса, демек, жалпысынан эле кан системасында, кандын уюп калуусунда көйгөй бар. Адатта мындай көрүнүш тукум кууйт, же болбосо индивидуалдуу болот.

Кандай болгон күндө да, гинекологго кайрылып, консультация алыңыз. Доктур зарыл деп көрсө, тиешелүү адистерге багыттама берет.

Ден соолукта болуңуз!

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт