// //

Кош бойлуулук календары (1-12 жума)

2019.05.02, 13:40
108771

БОЙГО БҮТҮҮ

1 ЖУМА Албетте, сизде кезектеги айыздык кансыроо болуп жаткандыктан бул али кош бойлуулук эмес. Бирок, сиз муну каалайсызбы же жокпу – организм мүмкүн болгон кош бойлуулукка кайрадан даярдана баштады.

2 ЖУМА Көп учурда аялдын боюна циклдин ортосунда, 14-күнү бүтөт.

3 ЖУМА Уруктангандан бир канча күн өткөндөн кийин жатындын ички капталына (эндометрияга) түйүлдүк-морула жабышат. Сиз эми расмий түрдө кош бойлуусуз! Бөбөктүн мээ жана нерв системасы пайда болуп, кичинекей жүрөгү сого баштайт.

4 ЖУМА Үйдө колдонуучу заарадагы ХГни (хориондук гонадотропинди) аныктаган тестти пайдаланууга болот, бирок, мөөнөт абдан кичинекей болгондуктан ал анчалык ишенимдүү эмес. Түйүлдүктүн омурткасы жана булчуңдары калыптанат. Колдору жана буттары, көздөрү жана кулактары билинип калат. Анын узундугу 1,5 – 2,5 ммге жакын.

5 ЖУМА Сиздин боюңузда бар экендигинен биринчи шектенүү -  бойго бүткөндөн кийин 2-3 жумадан кийин пайда болот – анткени сиздин айызыңыз келбей калбадыбы. Балаңыздын колундагы 5 манжасын ажыратууга болот.

6 ЖУМА Көп аялдар кош бойлуулук өзүн алсыз сезүү, көңүл айнуу, баш айлануу деп элестетет. Бирок кош бойлуулуктун биринчи жумаларында сиз эч кандай ыңгайсыздыкты сезе албайсыз. Бул мезгилде Ультра үндүү изилдөө (УЗИ) аркылуу гана баланын билинер-билинбес кыймылдарын байкаса болот.

7 ЖУМА Бойго бүткөндөн беш жумадан кийин түйүлдүк жумурткасы жатындын капталына бекийт. Жүрөк айланып, аялдын кусуп баштай турган кези (приступтары). Талгактын башка белгилери да сезилет. Түйүлдүктүн бою 7-9 мм. Бети калыптана баштайт, оозу, көзү, кичинекей мурду билинет. Жүрөгү энесиникине караганда эки эсе тез жыштыкта, мүнөтүнө 140-150 жолу согот.

8 ЖУМА Сиздин жатыныңыз чоңоё баштады, бирок бул али байкалбайт. Түйүлдүктүн сүт тиштери өөрчүй баштады. Чыканак муундары калыптанган. Ал өзүнүн кыймылдоосун жакшыртууда. Сиздин эмчектериңиз өзүнүн эмизүү ролуна даярдана баштады. Азырынча балаңыздын бою 22-30 мм. Ал эми салмагы 4 граммга жакын.

9 ЖУМА Мүчөңүзгө карап сизди кош бойлуу деп айта албайсың. Канда азырынча хорионикалык гормондун (ХГЧ) деңгээли өтө жогору эмес, бирок эмитеден эле өзгөрүүнү сезесиз: безеткилер болсо деле тери кыйла жылмакай жана тегиз болуп калат. Түйүлдүктүн манжаларында ага гана тиешелүү, уникалдуу болгон теринин сүрөтү, изи калыптанып, билине баштайт. Бала муштумун түйө алат.

10 ЖУМА Ушул учурда жатындын көлөмү эки эсе чоңоёт. Гормондордун көп камтылышы маанайыңызга жана саламаттыгыңызга таасирин тийгизет. Сезимтал болуп, маанайыңыз туруктуу эмес болуп калат. Салмак кошо баштайсыз, бүйлөлөр борпоң тартып, калкан бези бир аз чоңоёт. Түйүлдүк көзүн ачып, жумуп, оозу менен суу жутуп, чекесин бырыштыра алат. Салыштырмалуу чоңоюп жана күчү пайда болгондуктан жатындын капталына тийсе, андан түртүлөт! Бирок анын салмагынан жана боюнун (салмагы 4 г жана бою 27-34 мм.) кичинекейлигинен сизге эч нерсе байкалбайт. 

11 ЖУМА Сиз азыр калорияларды кош бойлуу боло элек кездегиге салыштырмалуу тезирээк жок кыласыз: зат алмашуу 25 пайызга күчөйт. Айланган кандын көлөмү дагы көбөйөт. 11 жумалык бала жарыкка, ызы-чууга, жылуулукка реакция кылат, ооруну сезет.

12 ЖУМА Жатыныңыз туурасынан болжол менен 10 смге чоңойду. Жамбаш чара тарабында тар болуп, курсак көңдөйүнө көтөрүлөт. Ультра үндү пайдалануу менен дарыгер түйүлдүктүн өлчөмүн, төрөтүңүздүн мөөнөтүн так аныктай алат. Баланын колдорунда жана буттарында тырмактары калыптана баштады. Анын соруучу рефлекси бар, ал эмчек эмүүгө машыгып, баш бармагын сорууда! Сиз баланын ааламы, анын үйү, ойногон балдар бөлмөсү болосуз. Ымыркай бул мезгилде абдан активдүү!

Кош бойлуулук календары (13-24 жума) бул жерден окусаңыз болот.

Кош бойлуулук календары (25-40 жума) бул жерден окусаңыз болот. 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт