// //

18 жашымда дары менен бойдон түшүргөм, эми төрөй албай жатканым ошондонбу?

2020.04.14, 10:36
2437

Саламатсызбы. 18 жашымда боюма бүтүп калып, дары менен өзүм эле түшүргөм. Кийин бир топко чейин кан келип жүрдү. Андан бери 7 жыл өттү, эми боюма болбой атат. Этек кирим туруктуу келет, ден соолугум жакшы. Боюма бүтпөй жатканы ошого байланыштуу болушу мүмкүнбү?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.04.2020, 10:39

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Медикаментоздук аборт башкаларына салыштырмалуу эң коопсуз болуп саналат, эгер, доктурдун көзөмөлүндө жасалса, сиздин абалыңыз ар дайым көзөмөлгө салынып турса жана кийин эч кандай көйгөйлөр (осложнения) жаралбаса.

Ушул жети жыл аралыгында тукумсуздукка алып келген башка ооруларга туш болгон жоксузбу? Мына ушуларды аныктоо зарыл. Мисалы, жыныстык жол аркылуу жугуучу оорулар хламидия, гонорея ж.б. эркектин да аялдын да балалуу боло албай калышына себепкер.

Балким сизде гормоналдык фондун бузулушу жүрүп жатат? А балким, өнөктөшүңүз тукумсуз же ден соолугунда кандайдыр бир көйгөйлөр бар? Кыскасы, себептери түрдүү болушу мүмкүн. Аларды аныктоо үчүн өнөктөшүңүз менен бирге доктурга көрүнүп, тиешелүү анализдерди тапшырып, дарыланышыңар керек.

Ден соолукта болуңуз.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт