40 койдун башын 400гө чейин жеткирген фермердин ийгилик сыры
Чоң –Алай районунун Дароот-Коргон айылынын тургуну Жумамат Туйгунов көп жылдан бери мал чарбачылык менен алектенип келет. Асыл тукумдуу малдын башын көбөйтүүгө кызыкдар болгон фермер максаттары менен бөлүштү.
Алгач 40 кой менен баштагам. Бүгүнкү күндө малдын башы 400гө жетип калды. Кыйынчылыктар көп болду. Бирок, талыкпай эмгектенип, түшкөн каражатты кайра өзүнө жумшап отуруп, асыл тукумдуу кой фермасын уюштурдум. Чарбамды кеңейтүүнү каалап бодо мал кармай баштадым. Буйруса алардын саны 20дан ашты.
Мал багуунун өзүнө тиешелүү оор түйшүгү бар экенин баары эле билсе керек. Ага карабастан, коңшу облустарга, чет өлкөлөргө чыгып, асыл тукумдуу малдарды алып келип көбөйткөнгө аракет кылам.
2017-жылдан бери “Айыл Банк” менен иштешип келем. Пайыздык чендери төмөн, төлөп берүү мөөнөтү узак, айтор бул банк мага окшогон фермерлер үчүн мыкты мүмкүнчүлүк экен.
2019-жылы “Айыл Банктын” колдоосу менен “Үсөн ата” чарбасынан 90 гиссар породасындагы кой алдым. Жыйынтыгы мен күткөндөн жакшы болду. Көп өтпөй малдын башы көбөйүп, асыл тукумдуу койго кызыккан фермерлерге сатып киреше таба баштадым.
“Айыл Банк” менен иштешкен үч жыл ичинде көптөгөн ийгиликтерге жетиштим. Бул да болсо банктын насыяны узак мөөнөткө бергенинен жана пайызы төмөн болуп, карапайым калкка ыңгайлуулугу болгонунан болсо керек. Алдыда кызматташууну улантсам деген оюм бар.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Үч жылга алган насыясын бир жылда төлөп бүткөн Нурсултандын ийгилик сыры
Фермер Кенжебек Качкынбаев 800 кг эт берген уйларды кантип алганын айтып берет
Жергиликтүү фермер Турсунбек Иманбаевге Америкадан алып келинген 11 уй берилди