Фермер Кенжебек Качкынбаев 800 кг эт берген уйларды кантип алганын айтып берет
Фермер Кенжебек Качкынбаев "Айыл Банк" АККнын «ВПС-Лизинг» продуктусу аркылуу кантип 33 асыл тукумдуу уй алганын айтып берди.
2007-жылдан бери айыл чарба тармагында иштейм. Акыркы 13 жылдын ичинде, Нарын облусунун көптөгөн жашоочулары сыяктуу мал чарбачылык менен алектенем. Жеке өзүмдүн сарайым бар, малдарды чабан карайт. Дээрлик күн сайын чарбама барып, баарын көзөмөлдөп турам. Малга чөптү коңшу айылдын тургундарынан сатып алам.
Көрсөткүчтөрү начар бир нече уйга караганда, көбүрөөк сүт, эт берген бир асыл тукумдуу уй жакшы деп ойлойм.
Андыктан, "Айыл Банкта" асыл тукумдуу малдарды лизингге алууга мүмкүнчүлүк берген «ВПС-Лизинг» продуктусу бар экенин угуп абдан кубандым. Жогорку продуктивдүү уйларды алууну каалап жүргөн прогрессивдүү фермер катары бул кызматты пайдаланып көрүүнү чечтим. Мына, жакында эле мага "Айыл Банк" ААКнын Нарындагы филиалы асыл тукум мал чарбасын жеткирип берүүчү КХ «Рейна Кенч» менен биргеликте КРС абердин-ангус породасындагы 33 уйду өткөрүп берди.
Бул породадагы уйлар жергиликтүү шартка бат климатташат экен. Нарындын катуу суугуна КРСтин көнүүсү бир топ жеңил өтүүдө.
Өзүңөр билгендей, эт Нарын облусунда бренд болуп саналат. Ошондуктан жергиликтүү тургундар бул асыл тукумдуу уйларга аябай кызыгып жатышат. Мындан тышкары, уйлар бооз болгондуктан, келечектеги музоолорго кезекке туруп коюшту. Аларды 70-100 миң сомго чейин сатууну пландап жатам.
Абердин-ангус породасы 800 кг чейин эт берет. Торпоктору бат жетилет жана салмак кошот. Демек, мал кармагандарга бул порода тез киреше алып келет. Албетте, мындай мыкты көрсөткүчтөргө, уйлардын тамактарына олуттуу мамиле кылуу менен гана жетсе болот.
“Айыл Банк” АККнын «ВПС-Лизинг» долбоору тууралуу кенинирээк бул жерден окуй аласыз.