Жергиликтүү фермер Турсунбек Иманбаевге Америкадан алып келинген 11 уй берилди
«ВПС-Лизинг» продуктунун алкагында жергиликтүү фермер Турсунбек Иманбаевге эт багытындагы 11 баш КРС абердин-ангус породасындагы уйларга ээ болду. Малды фермерге "Айыл Банк" ААКнын Жети-Өгүздөгү филиалы асыл тукум мал чарбасын жеткирип берүүчү КХ «Рейна Кенч» менен биргеликте өткөрүп берди.
Турсунбек Иманбаев 20 жылдан ашык убакыттан бери дыйканчылык жана мал чарбачылык менен ийгиликтүү алектенип келет. Узак убакыт бою “Айыл Банк” ААКнын ишенимдүү кардары, бир нече жолу чарбасын өнүктүрүү үчүн банкка агрокредит алуу боюнча кайрылган.
"Жогорку продуктулуу уйларды багуу үчүн чарбам бардык зарыл болгон шарттар менен камсыздалган: сарай, чөп жыйгыч (сеновал), атайын силос ороосун жана ар түрдүү тоюттарды даярдадым. Учурда чарбамда башка эт-сүт багытындагы жогорку продуктулуу уйлар да бар экенин баса белгилей кетим келет.
Келечекке чоң пландарды коюп жатам – жогорку продуктулуу малдарды айылдаштарым арасында жайылтып, эт-сүт тармагын өнүктүрүү үчүн асыл тукум чарбасын түзүү. Эми мунун баары “Айыл Банк” АККнын «ВПС-Лизинг» долбоору менен мүмкүн болуп калды",-дейт фермер.
“Айыл Банктын” бул лизинг долбоору боюнча өнөкөштөшү КХ «Рейна Кенч» Кыргызстанга КРС абердин-ангус породасын 2013-жылы Америкадан алып келген. 6 жылдан бери уйлар Кыргызстандын, анын ичинен Ысык-Көл өрөөнүн климаттык шарттарына жакшы адаптация болгон.