Сөзсүз көрүшүңүз керек болгон беш документалдуу фильм
Bilesinbi.kg кругозорду кеңейтип, реалдуу жашоого саякат жасоого жардам берген мыкты документалдуу фильмдердин бир нечесин тизмектеп чыкты.
«Человек-гризли» («Grizzly Man»), 2005
Өмүрүн айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамиле жасап, адамдын таасиринен гризлини сактап калууга арнаган жаратылыш коргоочусу Тимоти Тредуэллдин биографиясы.
Океаны (Oceans), 2009
Көрүүчү фильмди көрүп жатып океандын толук изилденип бүтө элек бөлүгүнө саякат жасайт. Бул жерде дээрлик эч кандай адам жок, бирок, ар бир каармандын өзүнүн кичинекей окуясы бар сыяктуу көрүнөт.
Дом. История путешествия (Home), 2009
Тасма үстүндө иштеп жатканда, Кытай жана Сауд Арабияда тартуу иштерин жүргүзүүгө уруксат беришкен эмес, ал эми Индияда материалдардын жарымын алып коюшса, Аргентинада тартуучу топ бир жума түрмөдө жаткан. Фильмден адамдын иш-аракетинин натыйжасынан жер планетасына кандай залал келип жатканын көрүүгө болот.
Независимая игра: кино (Indie Game: The Movie), 2012
Өзгөчө оюн ойлоп табууну каалаган төрт компьютер оюндарын иштеп чыгуучу адамдар тууралуу фильм. Тасмадан чыныгы жаратман кандай тоскоолдуктардан өтөөрүн көрүүгө болот.
Малыши (Babies), 2010
Фильм дүйнөнүн төрт бурчунда төрөлгөн кичинекей төрт абалынын көзү менен дүйнөнү көрсөтөт.
Мындан башка ар түрдүү жанрдагы фильмдердин баарын BeePlay порталынан көрө аласыз.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Жашооңузду түп-тамыры менен өзгөртө турган тасмалар
Cаякатка чыгууга шыктандыруучу 5 тасма