Жашооңузду түп-тамыры менен өзгөртө турган тасмалар
Bilesinbi.kg кыйынчылыктарга туш болгондо шыктандырып, дем күч берүүчү тасмаларды тизмектеп чыкты. Бул мотивация берүүчү фильмдердин баарын BeePlay порталынан көрө аласыз.
1. Игры разума
Бул тасма жашоо тууралуу ойлонууга түрткү берет. Мындайча айтканда, максатыбызга кандай жолдор жана ыкмалар менен баратабыз, канча күч сарптадык, чындап эле ал биз умутулуп жаткан максатпы дегендей. Фильмде жашоодо адам туруштук бере албай турган жагдайлар жок экени көрсөтүлөт.
2. В погоне за счастьем
Мезгил-мезгили менен сентименталдуу, айрым учурда өтө аянычтуу мыкты фильм. Бул тасманы көргөндөн кийин өзүңө болгон ишеним көтөрүлө түшөт.
3. Пока не сыграл в ящик
Бул тасма терең ойлонуп, өзгөрө башташ үчүн мыкты мотивация берет. Жашоону башка нукка бургуңуз келсе, дал ушундай фильмди көрүү керек.
4. Невероятная жизнь Уолтера Митти
Тасманы көргөн ар бир көрүүчү, жашоодон коркпош керек экенин, болбосо ал сенден айланып өтөөрүн түшүнөт.
5. Человек, который изменил все
Жеңилүүсүз жеңиш болбойт, эгер утушка ээ болгуңуз келсе - өзүңүздү угуп жана ишенишиңиз керек. Эч качан утулбаган, аягына чейин барган адамдар тууралуу сонун фильм.