// //

Орус тилин үйрөнүүгө арналган 5 тиркеме

2019.08.08, 11:15
4089

Bilesinbi.kg орус тилин үйрөнгүсү келгендер үчүн 5 пайдалуу тиркемелерди сунуштайт. 

1. «Русский язык — грамотей» - бул программанын ичинде орфография, пунктуация жана башкалар боюнча 16 000 тест суроолору бар. Катталуучу тест тапшырып жатып кыйынчылыктарга туш болсо, тиркеме суроого байланыштуу теориялык бөлүмдү көрсөтүп берет.Google Play: бул жерден жүктөп алууга болот.

App Store: бул жерден жүктөп алууга болот.

2. «Отличник по русскому» - тыныш белгилер, туура жазуу эржелери жана басымды туура коюу боюнча кызыктуу тиркеме. Баштапкылары акысыз, андан ары акы төлөө керек. App Store: бул жерден жүктөп алууга болот.

3. «Engster тил үйрөтүү курстары» - орус тилин үйрөнүүнүн, сөз байлыкты кеңейтүүнүн ыңгайлуу жана жөнөкөй жолу. engster.megacom.kg веб-баракчасынан тилди үйрөнүү боюнча сүрөттөрдү көрүп, аудиоматериалдарды укса болот. Сервистин жазылуучулары күн сайын төмөндөгүдөй мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалана алышат:

- Түшүндүрмө сөздүктөгү сөздөрдү которуу;

- Туура жазуу эрежелерин текшерүү;

- Күн сайын окутуу;

- Сөздөрдү канчалык деңгээлде билээри боюнча таймаштар жана башкалар.

4. «Орфография» - бул тиркеме орус тилинде туура жазуу жөндөмдүүлүгүн арттырууга жардам берет. Система тамгалары түшүп калган сүйлөмдөрдү сунуштайт, окуучу аларды толуктайт, колдонмо каталарын айтып, туура жазуу эрежелерин көрсөтөт.Google Play: бул жерден жүктөп алууга болот.

App Store: бул жерден жүктөп алууга болот.

5. «Слово дня» - күн сайын кандайдыр бир татаал сөз жана анын мааниси менен тааныштырып туруучу тиркеме. Сөздүн маанисин гана айтып тим болбостон, аны кантип колдонсо болоорун да көрсөтүп берет.Google Play: бул жерден жүктөп алууга болот.

App Store: бул жерден жүктөп алууга болот.

Англис тилин үйрөнүү үчүн мыкты 5 тиркемени бул жерден окуңуз. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт