// //

Балам күйөөмдү эмес, кошуна байкени атам деп таң калтырды

2020.01.02, 12:31
4699

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Бекзат байке биздин кошунабыз. Аялы менен эки баласы жол кырсыгынан каза болуп калган. Бул каргашалуу окуядан кийин үйлөнгөн жок. Колунан баары келет. Үтүгүбүз бузулса, мешибиз күйүп кетсе, тамыбыздын үстү түшүп калса деле эшигин тыкылдатабыз. Унчукпай келип оңдоп берип кетет. Акча берсек албайт.

Өзүм тигүү цехинде үтүкчү болуп иштейм. Балам төрт жашта. Күйөөм жумушу жок үйдө жатат. Эртең менен кетет, кечинде ичип келет. Кээде кол көтөрөт. Бала менен иши жок. Карап тур деп таштап кетем. Келсем үй ачык, бала ачка отурган болот. Үйдө тамак-аш барбы же жокпу башы оорубайт.

Баягы күнү “карызыңарды төккүлө”, - деп светти кыркып кетишиптир. Күйөөм эмне кылды дебейсиңерби, “үй суук экен, досумдукуна түнөйм”,-деп чыгып кетти.

Жумушка барышым керек эле. Баланы таштаганга киши жок. Күйөөм үч күндөн бери үйгө келе элек. Айла жок Бекзат байкеге бардым. Балам эмне болду экен деп тынч иштей албай койдум. Жумуштан суранып үйгө чуркап жөнөдүм. Бекзат байкенин үйүнө жакындап калганда баламдын күлкүсү угулду. Эшигин ачсам экөө велосипед тээп жүрүшүптүр. Эстесем баламды мынчалык бактылуу абалда көргөн эмес экенмин. Үйдөн ар дайым кабагы ачылбайт. Атасы келээр замат коркуп этегиме жабышат.

Атасы бир да жолу баласын алдына алып эркелеткен эмес.

Күйөөм түндө келди. “Мен жокто ким менен болдуң”,-деп токмоктоп кирди. Баламды алып сыртка качып чыктым. Буттарым өзү эле Бекзат байкенин үйүнө алып келди. Бекзат байке кебетемди көрөр замат милицияга чалмакчы болду, токтотуп койдум. Экөөбүзгө бөлмөсүн бошотуп берди. Түндө тынчын алганым үчүн кечирим сурадым. Унчуккан жок, “жакшы жаткыла”,-деп чыгып кетти.

Эртеси үйгө келдим. Күйөөм жок. Эшикти ачып жатсам, балам “апа атамдыкына эле жашайлычы” деди. Уккан кулагыма ишенген жокмун.

- Балам Бекзат байке сенин атаң эмес. Сенин атаң ...

- Жок, ал менин атам. Сен калп айтып жатасың.

Бойтойгон колдорун колуман жулкуп алкып көчөгө чуркады. Араң жетип токтотуп калдым. Ошол күнү күйөөм дагы кол көтөрдү.  Балам мага болушмакчы болгондо, аны дубалга ыргыта чапты. Сабырым түгөндү. Милиция чакырып, ажырашууга арыз жаздым.

Үй күйөөмдүкү болчу. Чыгып кеттим. Төркүнүмө батпайм, муну жакшы билем. Кайда барарымды билбей, аялдамада ыйлап отурсам, маршруткадан Бекзат байке түштү. Балам “ата” деп чуркап барып кучактады. Экөөбүз тең тиктешип калдык.

Быйыл жаңы жылды жаңы үйдө тособуз. Бекзат байкеге турмушка чыктым. Эч ким мажбурлаган жок, мага, балама болгон жылуу мамилеси менен сүйдүрүп алды. Күйөө, ата деген кандай болоорун эми билдим. Баары ачылып кеткенимди, көздөрүм жайнап калганын айтышат. Бул чындык, мен бактылуумун. Күн сайын баламдын күлкүсүн угам. Атасынын жанынан чыкпайт. Экөө эшикте бир нерсе кылып эле жүрө беришет.

Балага ата керек деп чыдап жүрө берип чоң жаңылыштык кетирипмин. Баланы жараткан эмес, баккан, мээрим төккөн ата экенин кеч түшүндүм.

- Жакшы жат балам.

- Эртең салют аттырабыз а?

- Ооба.

- Атам аяз атага барып, белегимди алып келем деген.

- Алып келет. Укта эми.

- Апа.

- Оу балам.

- Менин сонун атам бар.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Качан күйөөгө тиесиң? - кыжырга тийген суроолордун лидери.

Кызымды күйөөсү менен жаныма алып калганыма өкүндүм

"Калың бербейт экенсиң" деп кызымдын жигитин кууп чыкканыма өкүндүм

Кыздуу болгондон кийин аялымды сыйлап калдым

Таенеме жашоодон тажадым десем, сабиз, жумуртка алып чыкты. Сабак болчу окуя

Биринчи этек кирим келгенде апам ким менен жаттың деп урган

Депутат байке окууга өткөрөм деп алдап кыздыгымдан ажыратты

Кайын энем күйөөмдүн турсийин өзүм жууйм деп талашат

Аялымды каалабай калдым деген эркектер сөзсүз окушу керек

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт