// //

Кызымды күйөөсү менен жаныма алып калганыма өкүндүм

2019.12.24, 18:36
27292

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Ден соолугумду калыбына келтирип алайын деп бир жума санаторийге кеткем. Үйгө келсем “отопления” жарылып, неберелерим жөтөлүп, картошкаларды үшүк алып кетиптир. Ал эми кызым менен күйөө балам жаңы жууркандарымды жамынып алып бейкапар уктап жатышат. Бул сабырымдын акыркы чекити болду.

Жумушка баратып сөзсүз экөөнү ойготуп кетем. Тамактарды кечинде даярдап муздаткычка салып коем. Түштө чуркап келип, эки неберемди мектепке жөнөтөм. Ата-энесинин алар менен иши жок, сабактарын калтырып койсо деле баары бир.

Кызым менен күйөө балам менден биринчи келишет. Ошентсе да, от жагып койгонго жарабай суук үйдө отура беришет. Ой, баягы күнү зымдар ээрип, эч нерсе сая албай калдык. Күйөө балама оңдоп койчу десем, “мен билбейм” деп ийинин куушурат. Анда электрик чакырып келүүсүн айтсам, “ал кайда иштейт” деп ачуумду келтирди. "Элементарный" нерсени билишпейт. Үйдө азык-түлүк барбы же жокпу баштары оорубайт.

Тамак жасагандан ээринип кукси сатып алып ичишет.

Өзүм базарда эт сатып иштейм. Кыш келгенде аябай кыйналам. Мени аяп койгон эч ким жок. Баарына өзүм күнөөлүмүн. Башында өзүнчө жашайлы дешкенинен макул болбой койгом. Бекер кылыпмын. Дароо бөлүш керек экен. Эмнеге деп сурашыңар мүмкүн, анда угуп тургула.

Жоопкерчиликке үйрөнүшөт. Жокчулук эмне экенин билишет. Бирде ач, бирде ток жүрүп жашоого такшалышат. Чоң адам болгонго үйрөнүшөт. Өздөрү жараткан балдарын карыган ата-энесинин мойнуна илишпейт. Бала багуу кандай оор экенин көрүшөт. Бөлүп койсок алыстап кетишет деп коркобуз, жок кайра баркыбызды түшүнүшөт, канчалык узак болсо, ошончолук жакын болушат. Үйдө чыр чыкпайт, ынтымак качпайт.

Андыктан, кароого муктаж болбосоңор, балаңарды үйлөнттүңөрбү, кызыңарды турмушка бердиңерби, дароо бөлүп салгыла. Эч качан жашоолоруна аралашпагыла. Болбосо мойнуңарга чыгып, бир жарытарлык чечим кабыл алалбаган, колунан эч нерсе келбеген бала бойдон калышат. 

Өзүңөр деле ойлонсоңор, жаңы үйлөнгөн жаштар ата-энеси менен жашашы керек деген нерсенин айынан бактысыз, бири-бирин жек көргөн адамдар чогуу жашап же канчалаган үй-бүлөлөр бузулуп жатат. Мунун эч кимге кереги жок!

Кызым менен күйөө баламды бөлдүм. Кечээ кызым чалып, этти канча саат кайнатат экенин сурады. Күйөөң эмне кылып жатат десем, көмүр сатып алганы кеткенин айтты. Сөзүнүн аягында, кыйналып жатышканын билдирди. Ошентип такшаласыңар, оңой эч нерсе жок дедим. Аябадым, келгиле деп чакырбадым. Билем, азыр кыйналышат, кийин рахмат айтышат.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

"Калың бербейт экенсиң" деп кызымдын жигитин кууп чыкканыма өкүндүм

Кыздуу болгондон кийин аялымды сыйлап калдым

Таенеме жашоодон тажадым десем, сабиз, жумуртка алып чыкты. Сабак болчу окуя

Биринчи этек кирим келгенде апам ким менен жаттың деп урган

Депутат байке окууга өткөрөм деп алдап кыздыгымдан ажыратты

Кайын энем күйөөмдүн турсийин өзүм жууйм деп талашат

Аялымды каалабай калдым деген эркектер сөзсүз окушу керек

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт