// //

Таенеме жашоодон тажадым десем, сабиз, жумуртка алып чыкты. Сабак болчу окуя

2019.12.19, 17:09
53487

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Жүрөгүн түшүрүп үйүнө түндө бардым. Жамгыр да жаап жаткан. Ким билет, ошол күнү таенеме жолукпасам, бүгүн бул окуяны жазып отурат белем же ...

Аябай кыйналып кеттим. Жарытаарлык жумуш жок. Үч айдан бери эмгек маянамды беришпейт. Эки-үч эжеден карыз алгам. Алар күн сайын чалат. Телефон чырылдаса жүрөгүм козголуп кетет. Батирдин кожейкесинен эмне деген гана сөз укпадым. Кечээ светти кыркып коюшту. Эки күн мурун газды өчүрүшкөн. 

Акыркы ирет качан ысык тамак ичкеним эсимде жок. Курсагымдын курулдаганынан түндө уктай албай чыгам. Кийимдерим эски, тааныштарга жолукпасам экен деп тиленем. Бул арада ооруп да калдым. Бейтапканага барсам толтура даары жазып беришти. Аны алганга акча жок. 

"Жашоодон тажадым! Болду мындан ары чыдай албайм!", таенемдин тизесине жатып алып шолоктоп ыйлап жаттым. Чачымдан сылап отурду. Токтодум. "Жүр",-деп, мени ашканага алып барды. Үч казанга суу толтуруп мешке койду. "Суу кайнагыча  жеп тур", - деп, өрүк кыям менен нан берди. Суу кайнады. Биринчи казанга – сабиз, экинчиге – жумуртка, үчүнчүгө – кофе салды. Буркулдаган сууда бышып жаткан азыктарды үн катпай карап отурдук.

Отуз мүнөттөн кийин мешти өчүрдү. Сабизди, жумуртканы алып чыгып эки башка табакка салды. Кофени кружкага куйду. Мени чакырып, ар бирин кармап жана татып көрүүгө буйрук берди.

Сабизди кармасам жумшак экен. Жумуртканы алып кыстым, кабыгы сынып кетти, ичиндеги сарысы катып калыптыр. Кофени ичип көрсөм, даамы укмуш, бир аз өзүмө келе түштүм.

- Таене, муну менен эмне айткыңыз келди?

- Кызым, бул азыктардын баары, бир эле көйгөйгө – кайнап жаткан сууга туш болду жана ар бири ар кандай таасир беришти.

Сабиз катуу болчу. Бирок, кайнак сууда отуз мүнөт тургандан кийин эзилип, жумшак болуп калды.

Жумуртка өтө назик эле. Анын жука кабыгы ичиндеги суюктукту коргоп турчу. Кайнак сууга түшөөрү менен, ичиндеги суюктук катып калды.

Баарынан кофе жакшы жыйынтыкка ээ болду, ал кайнап жаткан сууну өзгөртө алды.

Эми айтчы кызым, кыйынчылыкка туш болгондо, сен кимисисиң? Сабиз, жумуртка же кофе?

- Ммм ...

- Ойлонуп көрчү кызым. Сыртынан катуу көрүнгөнү менен кыйынчылыкта жумшак болуп күчүн жоготкон сабизсиңби? Же башына оор күн түшкөндө катып, таш боорго айланган жумурткасыңбы? Мүмкүн кофе? Ал оорчулукту жараткан кайнак сууну өзгөрттү, суу кайнаган сайын кофенин жагымдуу жыты чыга баштады.

Эгер сен кофе болсоң, кыйынчылыкка туш болгондо же сыноо учурунда тегерегиңдеги кырдаалды гана эмес, өзүңдү да бир гана жакшы жакка өзгөртө аласың, сынып калууга жол бербейсиң.  

Айтчы кызым, сен кимиси болгуң келет?

Маалымат бул жерден алынды.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Биринчи этек кирим келгенде апам ким менен жаттың деп урган

Депутат байке окууга өткөрөм деп алдап кыздыгымдан ажыратты

Кайын энем күйөөмдүн турсийин өзүм жууйм деп талашат

Аялымды каалабай калдым деген эркектер сөзсүз окушу керек

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт