// //

Качан күйөөгө тиесиң? - кыжырга тийген суроолордун лидери.

2019.12.29, 13:09
3917

Бой жетип калган кыздарга жана турмушкка чыккан келиндерге өтө көп суроолор берилет. Өзгөчө жеке жашоосуна тиешелүү. Албетте адамдар суроолорду жаман ою менен эмес, жардам же кеңеш бергиси келип сурап жаткандыр. Бирок сиз суроо узатып жаткан адамдын сезимдерин да эске алып коюңуз. Bilesinbi.kg маданиятсыздыкка кире турган 5 суроону чогултту.

  1. “Качан күйөөгө тиесиң?”. Бул маданиятсыз суроолордун лидери. Аны жакын тууган-туушкан, жоро жолдошторуң дагы, тиешеси жок дагы бере берет. Эмнегедир биздин коомдо 25 жашка чейин турмушка чыккан кыз ийгиликтүү, жашоосундагы башкы максатына жетти, деп кабыл алынат. Эгер ал күйөөгө тие элек экенин айтса, анын артынан дагы бир орунсуз суроо узатылат.
  2. “Жигитиң барбы?”. Кандай гана жооп бербесин сценарий бирдей. Артынан, дагы толтура суроолор бериле баштайт. Эгер жигитим жок деп жооп берилсе: акыл үйрөтүү, кеңеш айтуу, андан кийин сөзсүз инструкция берүү кандай кылыш керек, кандай кийиниш керек, кантип күйөө издеш керек. Же болбосо бир нече тааныштар, тааныштардын балдары, инилери, байкелери, кудалары...менен тааныштырып кою сунушу.

“Ооба бар” - деп жооп берилсе, анда аты ким, кайда иштейт, машинасы, үйү барбы, кайсы жерлик, ата-энеси ким...Мындайча айтканда кыздын ийгилиги анын жеке жетишкендиктери менен эмес, канчалык деңгээлде жигити ийгиликтүү ошону менен өлчөнөт.

  1. “Качан төрөйүн деп жатасың?”, “же төрөп албайсыңбы?”. Бул суроо турмушка чыккан да чыга элек да, төрөгөн да төрөй элек да аялдарга берилет. Бирок мындай кызыгуу артуу адамга катуу тийиши мүмкүн, деп ойлонуп көрдүңөр беле? Силер анын эмне себептен балалуу болбой жүргөнүн билбейсиңер да, туурабы? Балким, материалдык жактан шартыжок, балким, башка пландары бар, балким, ден соолугуна байланыштуу көптөн бери балалуу боло албай жүрөт. Бул тууралуу туш келди кишиш менен сүйлөшө бергиң келбейт. “Жашың өтүп баратат, убактың аз калды”, деген далилдер да такыр эле орунсуз экенин жакшы түшүнүп жатсаңар керек.
  2. “Эмне мынча арыктап кеткенсиң/толуп кеткенсиң?”. Эгер аял өзү сизден сурабаса, мындай суроону берүүнүн зарылчылыгы жок. Арык же толук экенин сиз айтпасаңар деле, сурабасаңар деле өзү жакшы билет. Балким, ашыкча салмагы менен күрөшүп, айласы кетип жаткандыр? Же толо албай, кыйналып жүргөндүр? “Эмне мынча арыксың, тамак ичесиңби деги?”, “Шамал үйлөсө учуруп кетет го” – деген тамашалар аябай күлкүлүү деген ойдо болсоңуз, терең жаңылышасыз.
  3. “Айлыгың канча?”, “Канча табасың айына?”. Башка бирөөнүн айлыгына кимдин кандай тиешеси бар? Акча маселеси жеке темалардын бири. Сизден акча сурап, материалдык жактан көз каранды эмеспи, сизге бересеси жокпу, демек, мындай суроо узатканга эч кандай акыңар жок.

Маалымат бул жерден алынды.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт