// //

Кайын энем күйөөмдүн турсийин өзүм жууйм деп талашат

2019.12.17, 15:51
17959

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул келиндин катында кайын энесинин жоругу тууралуу айтылат. Эскертүү: каармандардын аты өзгөртүлдү.

Аида: Биринчи жолу укканда, үйгө кирип алып боорум эзилгиче каткыргам.

Ушул үйгө келин болуп келгениме беш жыл болду. Кайын атам өтүп кеткен. Кайын энем биздин колубузда. Кээде түшүнбөстүктөр болуп турат, бирок анчалык деле олуттуу эмес.

Өзүм чач тарачта маникюр жасап иштейм. Күйөөм шаардан айылга эл ташыйт. Кызыбыз бала бакчага барат. Кайын энем корообуздагы чакан дүкөндү иштетет.

- Кир жууйсуңбу?

- Ооба, суу астым.

- Менин бөлмөмдө эки байпак турат. Ошону да кирге кошуп койчу.

- Макул апа.

- Ай токто.

- ...
- Акандын турсийлерин өзүм жууйм.
- Макул.

Биринчи жолу укканда, үйгө кирип алып боорум эзилгиче каткыргам. Эмне үчүн экенин сураган эмесмин. Күйөөмдө да үн катпадым.

Кирди машинкага жууйбуз. Ошентсе да кайын энем күйөөмдүн ич кийимдерин өзү салышы керек. “Апа, бүттүм”,- деп бакырам, ал келип турсийлерин салып кетет. Болду. Калганын өзүм алып чыгып жаям.

Күйөөм жумуштан келди:

- Душта суу барбы?
- Бар. Түшөсүңбү?
- Ооба, бир чайканып алайынчы.
- Азыр сүлгүнү алып келип берем.

Сүлгүнү алып чыгып кетип жатсам, кайын энем мени көрө калып:

- Акмат жуунам дейби. Ооба, чайканып алайын дейт.
- Которунат бекен сурачы.
- Макул.

Душ.

- Которунасыңбы? Апаң сурап жатат.
- Жок.

Үйгө кирдим.

- Ай эмне дейт?
- Которунбайт экен.
- Ич кийимдерин дагы алмаштырбайт бекен?
- Ооба.
- Аа макул.

Кайын энемдин мага болгон мамилеси жакшы, болгону бул адаты жакпайт. Курбуларымдан кыйытып сурасам, эч кимисинин кайын энеси мындай эмес экен. Бул тууралуу кайын энеме айтсамбы?

Адис кеңеш берет

Психолог Тамара Воронцова жаш келинге кайын энесин өзгөртө албаарын, жеке пикирлери менен өз алдынча жасайм деген сунуштары бир гана чыр-чатактарды пайда кылаарын айтты: 

- Актриса экениңизди, кайын энеңиз менен болгон жашооңузду бир камера тартып жатканын элестетиңиз. Балким, ал бир комедия болот? Ар бир жагдайдан күлкүлүү бир нерсе табыңыз. 

Ийкемдүү болуңуз, дипломатиянын, конфликтологиянын жана албетте, актердук чеберчиликтин негиздерин окуп үйрөнүңүз. Мисалы, аларга ачуу чындыкты айткыңыз келет, бирок ролуңуз жакшы адамдыкы дейли. Актерлер ролуна сүңгүп кире алат, муну менен бардык нерсени жакшы жагына чечкенге үйрөнөсүз. Анан баары бактылуу болот!

Акылдуу келин болуңуз! Керектүү жерде сүйлөп, керектүү жерде унчукпай калуу, туугандар менен тил табыша билүү жөндөмдүүлүгү - бактылуу үй-бүлөлүк жашоонун сырларын бири болуп саналат!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Аялымды каалабай калдым деген эркектер сөзсүз окушу керек

Абысындардын баары эле аңдышкан жоо эмес экенин келин болгондо билдим

"Төрт балалуу аялды келин кылбайм" деп кайын энем мага жоолук салбай койгон

Кайын энем бир туруп бутум, бир туруп башым дей берип тажатты

Кайын энем “эмнеге келиниме өтүк алып берген жоксуң” деп күйөөмдү урушту

Келиним үйдөн сөз ташып жүргөнүн ата-энем билбейт

Апам байкемдин жуурканын мага ченеп тикти эле, андан биринчи үйлөнүп калдым

Бир күйөөдөн чыкканымды билсе эле эркектердин оюу бузулат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
09.08.2020, 23:10

Сизди аябай тушуруп турам, мендеда ошондой эле корунуш, кайненем озунун кийимин аралаштырып  жолдошумдун да ич кийимин жуйт, балдарымдын кийим кечеси болсо да ,нары Жака алып коет да Оз баласынын кийимин жуйт,мен да тушурбойм!!!

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт