// //

ТОП 5 iPhone үчүн пайдалуу тиркеме

2019.11.17, 12:54
1063

Bilesinbi.kg iPhone үчүн акысыз тиркемелерди тизмектеп чыкты. Колдонмолор менен таанышып, өзүңүзгө пайдалуу бирөөсүн жүктөп алыңыз. 

1. Wunderlist

Apple iPhone үчүн мыкты органайзерлердин бири. Анын жардамы менен жумуш убактысын пландап, алдыга максаттарды коюп, аткара турган иштерди тизмектеп чыкса болот. 

2. LastPass Password Manager

Каттоону жана сыр сөздү талап кылган  онлайн сервистерди жана тиркемелерди колдонгондор үчүн орду толгус программа. LastPass Password Manager - сыр сөздөрдү эстөө зарылчылыгынан арылтып, аларды коопсуз кылып сактап берет. 

3. Shazam

Элестетиңиз, машинада радио угуп баратасыз, кокустан бир композиция жагып калды. Ким ырдап жатканын билбейсиз. Дароо ошол учурда Shazam тиркемесин жандырып койсоңуз, программа ырдын аталышын жана аткаруучусун аныктап берет. 

4. Overcast

Apple iPhone үчүн популярдуу подкаст-менеджер. Функциялары абдан жөнөкөй, колдонуу оңой жана жагымдуу. 

5.  Contacts Journal CRM 

Жумуш контактарыңыз аябай көппү? Contacts Journal CRM - бизнес-органайзер керектүү контактарды топторго бөлүп, колдонууга ыңгайлуу кылып берет. Мындан тышкары, аткара турган жумуштардын тизмегин түзүү мүмкүнчүлүгү бар. 

Жашооңузду түп-тамыры менен өзгөртө турган тасмалар

Cаякатка чыгууга шыктандыруучу 5 тасма

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт