// //

Үй-бүлөнү пландаштыруу деген эмне? Эксперт айтып берет

2019.10.08, 09:29
6624

Бул тууралуу Кыргызстандагы үй-бүлөнү пландаштыруу альянсынын жетекчиси Бактыгүл Бозгорпоева айтып берди.

Үй-бүлөсүн пландаштырып, кош бойлуулукка алдын ала даярдык көргөн жуптардын балдары физикалык жана психикалык жактан тезирээк өнүгүп, ден соолугу бекем боло турганын дүйнөлүк окумуштуулар көп ирет далилдешкен.  

Үй-бүлөнү пландаштыруу 4 эрежени камтыйт:

  1. Бала күтүлгөн жана каалаган кош бойлуулуктан жаралышы керек.
  2. Үй-бүлөдөгү балдардын ортосу жок дегенде 3 жыл болушу керек.
  3. Балалуу болууну жуптар сүйлөшүп, макулдашып алып чечиши керек.
  4. Бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонуу керек.

Үй-бүлөнү пландаштыруу өтө маанилүү

Анткени, пландаштыруунун энелердин өлүмүнө түздөн-түз таасири бар. Кыргызстандагы көпчүлүк аялдардын ден соолугу начар, тамактануусу толук кандуу жана рационалдуу эмес. Болбоду дегенде аз кандуулуктан жабыркашат.

Контрацепция тууралуу билбегендиктен же шарты жоктугуна байланыштуу кош бойлуулуктан сактанышпайт. Бир жылда эки жолу төрөгөн аялдар да бар. Мисалы, жылдын башында январда төрөсө, бир-эки айдан кийин эле кайра боюна бүтүп, декабрда экинчи баласын төрөйт.

Акыркы үч жылда жалпы төрөттөрдүн ичинен бир жылда эки ирет төрөгөн аялдардын саны 10-11% болуп калды.

Ден соолугу начар аял дени сак бала төрөй албайт

Мисалы, аял жакында эле төрөп, баласы бирге чыга электе кайра боюнча бүтүп калды дейли. Мындайда, эмчектеги бала дагы, кайра боюна бүткөн эне дагы жана курсактагы бала дагы жабыркайт.

Үчөөнүн тең ден соолугу начар болот. Себеби, эмчектеги бала аз эле убакыт сүт эмди, энесинин сүтүнүн сапаты начар, анткени ал калыбына келе элек, витамин жана микроэлементтерди курсактагы балага жумшайт. Бирок ага деле жарытып бере албайт. Жыйынтыгында үчөө тең кыйналышат.

Балалуу боло турган жуптардын тамактануусу маанилүү

Өзгөчө аял кишинин тамактануусуна көп көңүл бөлүү керек. Анын ички органдары: жүрөгү, бөйрөгү, боору эки эсе көп иштейт. Канынын көлөмү да эки эсе көбөйөт. Анткени ичте дагы бир адам чоңоюп келатат. Анын нормалдуу өнүгүүсү үчүн бардык витаминдер, пайдалуу заттар энеден алынат. Эгер азык-зат жетишсиз болуп калса, баланын калыптануусунда тубаса кемтиктер пайда болушу мүмкүн.

Үй-бүлөнү пландаштырууну жуптар гана чечиши керек

Бизде кайын энем “удаа төрөп ал” деди, же апам “төрөбөй кое тур” деди, “элдер кыздарыңар бар эми уул керек” (же тескерисинче), деп айтып жатышат, дешет.

Балалуу болууну аял менен эркек экөө гана чечет. Алар кош бойлуулукту пландоо алдында ден соолугу кандай, материалдык абалы кандай, бири иштебей бала менен отуруп калса, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө залакасы тийип калбайбы, бардык балдарга бирдей тарбия берип, жетишээрлик деңгээлде каржылай алабы? – ушунун бардыгын эске алуу зарыл.

Үй-бүлөнү пландаштыруу бул балдардын санын чектөө эмес

Үй-бүлөнү пландаштыруу бул аз балалуу болгула дегендик эмес. Болгону кош бойлуулуктун арасындагы аралыкты сактап, бала жана эненин ден соолугуна кам көрүү дегендик.  

Медицинада кош бойлуулук, жана төрөт үчүн эң ыңгайлуу жана коопсуз жаш курак 19дан 45 жашка чейинки мезгил аралык, деп айтылат. Эсептеп көрсөк 19 жылда 5-6 балалуу болгонго жетишесиң.

Өспүрүм курак үй-бүлөө курууга жараксыз

Өспүрүм курак бала 10 жашка чыкканда башталып, 18 жашына чейин созулат. 13төн 16 жашка чейинки кош бойлуулукту өспүрүм курактагы кош бойлуулук деп коюшат.

Бул мезгил аралыкта кош бойлуу болуп калган өспүрүм кыздын жана наристенин ден соолугу жана өмүрү үчүн чоң коркунуч пайда болот. Кош бойлуулук жана төрөт, жетилген аял үчүн деле физиологиялык жана психологиялык жактан өтө оор процесс.

Өспүрүм курактагы кыздардын организми кош бойлуулукка такыр даяр эмес, демек алты саны аман баланын төрөлүшү да күмөн.

Ата-эне балдарынын жыныстык жетилүүсүнө чейин жыныстык катнаш деген эмне, коопсуз секс, презервативдер тууралуу айтып берүүсү керек. Эч ким алардын денесине кол тийгизүүгө акысы жок экенин түшүндүргүлө.

Тилекке каршы, Кыргызстанда бул көрүнүш дале бар. Республика боюнча жалпы төрөгөндөрдүн ичинен 5-6%ы өспүрүм кыздар.

Кесарево аркылуу төрөө. 17 суроого акушер-гинекологдон жооп

АИВ тестин тапшыруунун кандай зарылчылыгы бар? 6 орчундуу себеп 

Кош бойлуулардын полиси деген эмне? Негизги 14 суроого жооп

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт