// //

Кесарево аркылуу төрөө. 17 суроого акушер-гинекологдон жооп

2019.10.02, 13:49
12352

Медицина илимдеринин доктору акушер-гинеколог Алмаз Макенжан уулу кесердик кесүү жолу менен төрөө деген эмне? Кайсы учурда жасалат жана эне менен бала үчүн кандай кесепети бар экенин Bilesinbi.kg’ге айтып берди.

  1. Кесердик кесүү (Кесарево сечение) деген эмне?

Кесердик кесүү - бул хирургиялык операция, анда кош бойлуу аялдын ичи кесилип, бала төрөтүп алынат. Мындай операция аял өзү төрөй албаган учурларда жасалат.

Кыргызстанда 2005-жылы жалпы төрөгөн аялдардын 6%ы гана кесердик кесүү аркылуу көз жарса, 2018-жылы бул көрсөткүч мамлекеттик төрөт үйлөрүндө 17%га, ал эми жеке менчик клиникаларда 35%га жеткен. Тилекке каршы кесердик кесүү энелер арасындагы өлүмдүн өсүүсүнө себепкер.  

  1. Кандай көрсөтмөлөр боюнча кесердик кесүү жасалат?

Бүгүнкү күндө кесердик кесүүгө медициналык көрсөтмөлөр кыйла азайды.  Мисалы, мурда кесарево жолу менен бир жолу төрөгөн болсо кийинкиси да сөзсүз кесердик кесүү болуш керек болчу. Ал эми азыр, мүмкүнчүлүк болсо, кийинки төрөтүн табигый болушуна бардык аракеттерди көрөбүз.

  1. Төрөттү кесердик кесүү жолу менен жүргүзүү үчүн негизги көрсөтмөлөр:
  • баланын салмагы 4 килограммдан ашык болсо;
  • бала жамбашы менен туруп калса;
  • эненин жамбаш сөөгү кичинекей болсо;
  • тону эрте ажыраса;
  • кансыраса;
  • эгер аялдын жүрөгү, өпкөсү, бөйрөгү, боору ж.б. ооруса, адистердин чечими менен оперативдик жол аркылуу төрөтүп алуу сунушталат.

Мындан башка да медициналык көрсөтмөлөр бар.

  1. Доктурлар көбүрөөк акча алуу үчүн атайы кесерево кыла беришет, деген чынбы?

Негизи кесердик кесүү медициналык көрсөтмөлөрдүн негизинде гана жасалат. Врач өз каалоосу менен жасап салды деген сөздүн чын жагы дагы калпы да бар. Бул ар бир врачтын абийирине жараша болот.

  1. Аял төрөгөндөн коркуп, оңоюна качырып, кесердик кесүү менен төрөйм дей алабы?

Бүт бардыгы жакшынакай болуп турса, толгоосу убагында келип, жатын моюнчасы ачылса, врачтар коркконуна карабай өзүн төрөткөнгө аракет кылышат.

Тажрыйбалуу врачтар эч качан кесердик кесүүгө качырбайт. Кесип төрөтүү бат болгону менен кесепети оор, айыгуусу узак, тобокелдиктер көп. Мисалы, анестезиялык, операция учурунда, операциядан кийинки татаалдашып кетүү (осложнения) коркунучтары бар.

Ошондуктан, жакшысы, өзү төрөгөнү. Көп болсо, 4-8 саат чыдап коюу керек. Бардыгы жакшы болсо 3 күндөн кийин баласын кучагына алып, үйүнө чыгып кете берет.

  1. Кесердик кесүүнүн эне жана бала үчүн кесепеттери кандай?

Техникалык жактан операция жакшы жасалса, балага көп таасири тийбейт.

Бирок эне үчүн кыйыныраак. Анткени, кадимки төрөт учурунда келин 100-150 милиграмм кан жоготсо, кесердик кесүүдөн кийин 300 милиграмм же андан көп кан кетет. Операция учурунда жана андан кийин ар кандай татаалдашып кетүүлөр болушу мүмкүн. Ичегилери жабышып (спайка) же инфекция кирүү коркунучу жогору. Операциядан кийин жатында жана ичте тырык (рубец) калат.

  1. Кесарево операциясы кандай өтөт?

Кесердик кесүү - акушердикте чоң операциялардын бири болуп эсептелинет. Анын эки түрү бар:

  • Биринчиси, жалпы наркоз берип жасоо. Мында төрөй турган аялга жалпы наркоз берилип, ал уктайт. Андан кийин операция жасалат. Атасын алдын ала даярдап, баланы ичтен алып чыккандан кийин дароо анын көкүрөгүнө жаткырылат. Аял ойгонгондон кийин бала өзүнө берилет.
  • Экинчиси, “спинальный” наркоз деп аталат. Жүлүнгө ийне сайылып, анестетик киргизилет. Аял эсинде болот. Доктур менен сүйлөшүп жата берет. Баланы алып чыккандан кийин, эненин көкүрөгүнө жаткызабыз. Баласы менен биринчи өзү таанышат. Андан кийин атасына беребиз.

Шарты менен тигилип, ичи жабылат. Жаратты жууп, тазалап, таңып коебуз.

Бир жумага чейин кесилген жери басканда, отурганда ооруйт. Толук калыбына келиши бир айга созулат.

  1. Кайсы учурда жалпы кайсы учурда жергиликтүү наркоз жасалат?

Дүйнө жүзү боюнча жүлүнгө сайыла турган (“спинальная”) анестезия көбүрөөк колдонулат. Биз да ошондой наркозго өткөнбүз. Кыргызстанда жасалган кесердик кесүү операциялардын 70-80 %ы “спинальный” наркоз менен жасалат.

Ар бирине медициналык көрсөтмөлөр бар. Мисалы:

  • көп кан кетсе;
  • баланын жүрөгүнүн согушу начарласа;
  • аялдын абалы коркунуч туудурса;
  • аябай тез, ыкчам операция жасаш керек болсо, жалпы наркоз берилип жасалат. Анда аял бат эле уйкуга кетип, операция кыска мөөнөттө ишке ашырылат.

Ал эми жүлүнгө анестезия берилет эгер:

  • планга киргизилген операция болсо;
  • эненин жана баланын акыбалы канааттандыраарлык болсо;
  • эненин дарыларга аллергиясы жок болсо;
  • инфекциялык оорулары жок болсо.
  1. Аял кандай наркоз ала турганын тандай алабы?

Кандай болбосун процедура жасаларда аялдын макулдугу керек. Доктурлар бейтапка бүт шарттарды айтып, коркунучтар тууралуу маалымат беришет.  Аял документ менен таанышып, окуп, кол коюп, макулдугун берет.

  1. Кесарево менен төрөгөн аял канча күндө ооруканадан чыгат?

Бардыгы жакшы болсо 4-5 күндө үйүнө чыга берет.

  1. Кесилген жери канча убакытта айыгат?

Кесилген жердеги булчуңдар бир жуманын ичинде эле жабылып, бир айдын ичинде айыгып калат.

Бирок жатында да тырык бар. Ал толугу менен калыбына келиши үчүн 2-3 жыл убакыт керектелет. Ошондуктан дарыгерлер кийинки кош бойлуулукту 2-3 жылдан кийин пландаштырууну сунушташат.

  1. Кесердик кесүү менен төрөгөн аял канча күндөн кийин жыныстык жашоосун баштаса болот?

Кесердик төрөттөн кийин калыбына келүү үчүн кадимки төрөттөгүдөй эле 40 күн керектелет. Андан кийин жыныстык катнашка барса болот.

  1. Кесердик кесүүдөн кийин кайра өзү төрөө мүмкүнбү?

Мүмкүн. Биринчи кесердик кесүүдөн кийин жатынындагы тырыгы жакшы бүтүп, калыбына келсе, доктурлар өзүн төрөтүүгө аракет кылышат. Кыргызстанда биринчи төрөтү кесердик кесүү менен болгон аялдардын 20%ы кийинкисин өздөрү төрөшөт.

  1. Кесердик кесүү менен канча жолу төрөсө болот?

Медициналык талаптарга ылаайык 2-3 жолу төрөсө болот. Кыргызстанда 4-5 жолу төрөгөндөр бар. Бирок бул өтө чоң тобокелчилик. Доктурлар үчүн мындай операцияларды өткөрүү абдан оор. Ошондуктан кош бойлуулукту пландаштырып, тобокелдиктерди эске алып, балалуу болууну жубайлар бирге чечүүсү зарыл.

  1. Наркоз алгандан кийин бел, баш ооруйт деген чынбы?

Чын. “Спинальный” анестезиядан кийин баш ооруйт. Себеби наркоз берип жатканда жүлүндү курчап турган “твердая оболочка”дегенди аябай ичке ийне менен тешип, дары киргизилет. Кээде микротравма алып калат. Жүлүндүн тегерегинен суу чыгып, кан басымы көтөрүлөт. Ал баш оорууга алып келет.

  1. Кесареводон кийин спираль салдырса болобу?

Ооба болот. Заманбап медицинада күн санап өзгөрүүлөр жаңы техника жана ыкмалар пайда болуп турат. Учурда кесердик кесүүдөн кийин жатын тигилээрде спираль салып койсо болот.

Муну операция жасай турган дарыгер менен алдын ала сүйлөшүп алуу зарыл. Эгер эч кандай инфекция оорулары, сезгенүү жана башка каршы көрсөтмөлөр болбосо, дароо салынат.

  1. Кесердик кесүүдөн кийин аял өзүнө кандай кам көрүшү керек?

Бардык төрөгөн аялдар сыяктуу эле кам көрөт. Бирок ичтин кесилгенин эске алгыла. Операциядан кийин өзүн жылуу кармап, суукка урунбай, жаратын тазалап, таңып туруу зарыл.

Эгер кан кетсе, дене табы кескин көтөрүлсө жана башка кооптуу белгилер болсо дароо доктурга кайрылгыла.

Акушер-гинекоглог Алмаз Макенжан уулу менен инстаграмдагы @almazmakenzhan баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
02.10.2019, 14:55

Кесердик тороттун кийин баш,бел оорушу мумкунбу

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт