// //

АИВ тестин тапшыруунун кандай зарылчылыгы бар? 6 орчундуу себеп

2019.10.04, 14:09
2254

Bilesinbi.kg АИВге (адамдын имундук жетишсиздик вирусу) тест тапшыруунун негизги 5 себебин Кыргыз Республикасынын “СПИД” (Адамдын иммундук жетишсиздик синдромунун пайда болуусу) борборунун директорунун орун басары Айбек Бекболотовдон сурады.

  1. АИВге тест тапшыруунун башкы себеби бул албетте өзүңдүн ден соолугуңа кам көрүү.

Эгер кимдир бирөөнүн жашоосунда бей тааныш адам менен корголбогон (презервативсиз) жыныстык катнаш орун алган болсо же жыныстык катнаш учурунда презерватив айрылып же жылмышып түшүп калса, ишенимдүү эмес тиш доктурга, косметологго, маникюр же ийне менен териге сүрөт тартуу чеберине кайрылган болсо жана алардын иштеген инструменттери күмөн жаратса, операция учурунда кан куюлса, же ийне аркылуу банги затын колдонгон учурлар болсо, демек адам сөзсүз барып, АИВге тест тапшыруусу зарыл.

Адамдын имундук жетишсиздик вирусун тестирлөөдөн өткөндөн кийин гана аныктаса болот. Анын так даана көрүнүп, билинип турган белгилери, симптомдору болбойт. 

  1. Экинчи себеби, бул - жакын өнөктөшүңө кам көрүү.

Сенин кетирген катаңдын айынан же кокустук менен оору жугузуп алганыңан жакындарың жабыркабашы керек. Бул мамилени токтотуп коюу керек дегендик эмес (андай деле учурлар болот дечи). Эгер ортоңордогу сезим чыныгы сүйүү болсо, мындан ары да бирге жашай берсе болот. Жуптардын бири АИВди алып жүрүүчү болгон үй-бүлөлөр бар. Болгону бул кырдаал биргелешип жашоодо белгилүү бир тарипти сактоону талап кылат.

  1. Үчүнчү себеби, болочок баланын ден соолугуна кам көрүү.

Кош бойлуулукту пландаштырып жатканда, өзүңөрдүн каныңар аркылуу бул коркунучтуу дартты бейкүнөө наристеге жугузуп албайсыңарбы? Ошону эске алуу зарыл. Себеби, вирус атасынан энеге, энеден балага өтө турганын жакшы билсеңиз керек. Вирус кош бойлуу кезде, төрөт учурунда же эмчек эмизген учурда жугат.

  1. Төртүнчү себеби, тест тапшыруу арзан жана жеткиликтүү.

АИВ статусун аныктоо тести – 165 сом турат. Тест тапшыруу акысы Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында бирдей. Бул чет өлкөгө чыгуу үчүн, окуу жайга тапшырганда, жумушка кабыл алынып жатканда же башка себептер боюнча “АИВге кабылган эмес” деген маалымкат алуу керек, дегендерге берилет. 

Жеткиликтүү - себеби, жашаган жериңерге караштуу үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылып эле тест тапшырсаңыз болот. Андан тышкары республика боюнча 7 областык жана бир шаардык СПИДке каршы күрөшүү боборлору бар.  

  1. Бешинчи себеби, тестти анонимдүү тапшырса болот.

СПИДке каршы күрөшүү борборлоруна кайрылып, анонимдүү түрдө тест тапшырсаңыз болот. Андай учурда процедура бекер өткөрүлөт.

  1. Алтынчы себеби, АИВ менен узун өмүр сүрүүгө жана ден-соолугу чың балдарды төрөөгө толук мүмкүнчүлүк бар.

Бүгүнкү күндө АИВ өнөкөт оору болуп эсептелинет. Бирок өз учурунда АИВди тестинен өтүп дартты аныктоонун артыкчылыгы - бул иммунитетти көтөрүү үчүн атайын даарыларды ичип, аял да эркек да өзүнүн ден соолугуна кам көрсө, узун өмүр сүрүп, ден соолугу чың АИВсиз балалуу болуу мүмкүнчүлүгү бар.

АИВ тууралуу мифтер. Бул тууралуу ар бир адам билүүгө милдеттүү макаласын бул шилтеме аркылуу окусаңыз болот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт