// //

Жаңы алган келиним баламдын акчасын уурдайт. Айласы кеткен кайын эненин баяны

2019.07.14, 18:18
13530

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Бул ирет баламдын акчасы жоголчу болду деген кайын эненин катын жарыялайбыз. 

Нурила: Келиниме сүйлөгүм келбей калды 

Жакында уулум үйлөндү. Элден кем кылбай, чоң той бердик. Балам менен сыймыктанабыз: жакшы жумушта иштейт, аракетчил, оор басырыктуу. Келиним биз менен турат. Ал иштебейт, үйдө. Бирөөнүн кызы деп, кыйнабайм,  кайын энелик каарымды салбайм. 

Бир ай мурун, балам, “апа, капчыгыма эч ким тийбедиби, 3000 сомдой акчам жок”, - деп калды. Той жаңы эле бүтүп,  үйдөн конок үзүлө элек болчу. Бирөө алганго деп кол шилтеп койдук. Балам да майдачыл эмес, бир сураган бойдон, көңүлүнө алган жок.

Бул нерсе эки-үч ирет кайталанды. Жумушуна кетип баратып 500 же 1000 сомун таппай калат. “Ким болду экен?” деген ой тынчымды алды. Үйдө мен, күйөөм, студент кызым, келиним менен баламдан башка эч ким жашабайт. Деги мындай нерсе жок эле! Чындыктын баары көп өтпөй билинди.

Күйөөм жумушунан чарчап келип уктап жаткан. Келинимди чакырсам укпайт. Ойготуп албайын деп, акырын басып, келинимди издеп бөлмөсүнө кирдим. Эшигин ачып эми чакырайын деп карасам, баламдын капчыгынан 2000 сом алып, сумкасына салып койду. Көрмөксөн болуп чыгып кеттим. Балама үн катпадым, ал чайын ичип, жумушуна жөнөп кетти.

Келинимдин бул адатына таң калдым. Жакшы турабыз, эч нерседен кем эмеспиз. Жаңы эле баш кошкондо, ызы-чуу кылбайын деп, баламдын көңүлүн ойлоп, тил катпай жүрөм.

Келинимди өз кызымдай жакшы көрчүм, эми сүйлөшкүм да келбей калды. Эмне кылсам болот? Келиним ошондо кылмыш кылдыбы?

Адистер эмне дейт

Тамара Воронцова, психолог

Кызык, сиз эшикти ачыпсыз, капчыктан канча алганын көрүпсүз, а келиниңиз эч нерсе сезбептир. Менин оюмча, иш жүзүндө андай болгон эмес, бул сиздин божомолдоруңуз. Жаштарды өз алдынча калтырып коюу керек: келиниңизге да, балаңызга да эч нерсе деп айтуунун кереги жок, өздөрү чечип алат.

Эгер алар өз алдынча жашаса кандай болмок? Бирге жашап, келиниңиздин иштебей үйдө олтурганын баса белгилөөнүн эмне зарылчылыгы бар. 

Чынында, кайын эне эч качан келинин өз кызындай сүйбөйт, андыктан ага келин катары мамиле жасоо керек – сыйлоо, жакшы сүйлөө, эң негизгиси – аралыктан.

Өз алдынча бөлүп коюңуз, уулуңуз да жакшы компанияда иштейт экен, айрыкча кызыңыз да бар экен. Ата-эненин жаш жубайлар менен бирге жашаган салты 21-кылымда жоюлган. Мисалы, 80 жашка чыкканда чогуу турсаңар болот.  

Жагдайдын кийинки аспектине токтосом. Кыз күйөөсүнө айтпай акырын акча алса, анда ал үчүн жүйөөлүү себеп бар. Балким күйөөсү акча бербейт, же иштебеген соң, эч жакка барбагандан кийин эмне кереги бар деп, өтө эле аз берет. Балким, ал да ар бир аялга окшоп, жанында бир аз акча болсо, өзүн ишенимдүү сезет. Сизде деле, эч ким билбеген белгилүү бир акчанын суммасы бар да. Балким, ал ата-энесине, бир туугандарына кандайдыр бир жардам бергиси келет. Анткени баары анын жакшы жерге турмушка чыкканын билет.

Бул суроолорду жаштар өздөрү чечиши зарыл, балаңыз жаңыдан күйөө болгонго үйрөнүп жатат, аялына көңүл буруп, камкор болушу керек.

Эч качан аралашпаңыз – кийин күнөөлүү болуп каласыз жана мамилени оңдоо мүмкүн болбой калат. Эгерде келин, уулуңузду өз алдынча бөлүү мүмкүн эмес болсо, алардын бөлмөсүнө барбаңыз, келиниңизди издебеңиз, тарбиялабаңыз, окутпаңыз. Керек болгондо, өзү сизге кайрылып сурап алат. Бул накыл сөз эсиңиздеби: мен сенин жаштыгыңды аяйм, сенин менин карылыгымды ая.

Акылдуу жана жакшы адам болуңуз. Эң башкысы – канчалык узак болсо, ошончолук жакын.

Бардык кайын энелер үчүн кеңеш – оозду жабуу жана капчыкты ачуу.

Нурислам Раимжанов, юрист

Саламатсызбы! Аялы күйөөсүнүн акчасын жашыруун алышы кылмышка киреби же жокпу талаш маселе. Ошентсе да, келиниңиздин кылганы туура эмес, жоопкерчиликке тартууга болот.

Балким, бул убактылуу көрүнүш. Келиниңиз эмне себептен мындай жолго барып жатат, алдын ала билүүнү сунуштайт элем. Баш кошкондоруна аз болуптур, чыр-чатак чыгып, эки жаштын жашоосу бузулуп кетсе туура эмес. Андыктан билексенге салып койгонуңузду колдойм. Сизге кеңешим, алгач уулуңуз менен келиниңизди чогултуп, балаңызга, “келиниме жакшы кара, эч нерсеге муктаж кылба”, келиниңизге, “балама жакшы кара, көңүлүн оорутчу иштерди жасаба” деп энелик наасатыңызды айтыңыз.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
14.07.2019, 22:51

Бирок бул адат болуп калат.Уйдо береке болбойт.Колу туткак нерсе,омур бою уурдайт

0
Пайдалуу жооп
Р
Райма
15.07.2019, 00:43

менин оюм келин менен ачык суйлошуш керек кайын эне,эмне себептен мындай жолго барганын билуу зарыл.Бул жоругун уулу билсе ажырашуу болушу мумкун.Келиндин бул жоругу кокустан болгон жок,мурдатан бар.Ачык суйлошуп психолог менен кенешсе жакшы болмок.

0
Пайдалуу жооп
А
Ай
17.07.2019, 17:49

Эгер бул адат болсо бир куну болбосо бир куну баланызга да билинет.ошого жеткирбей келининиз менен ачык суйлошунуз.акылы болсо токтотор болбосо озу кунолуу болот 

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
20.07.2019, 15:00

Психолог десе эле болбогон кенешти бере бересинерби. 21 кылым, онуккон заман деп. Келиндин колу туткак экени корунуп турбайбы. Азыртан чечишип албаса аягы окунучтуу болот. Келининизге каттуу эле айтыныз, бул кылганын туура эмес деп. Куйоондун акчасы ортодо иштетилет. Керек болсо уурдабай озунон сурап ал деш керек.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
22.07.2019, 14:42

Бул окуяны окуп озумдун башыман откон окуяны эстедим, биз дагы кайнене менен турчубуз, мага эртен менен кайненем келип "сен эмне менин баламдын чонтогунон акчасын уурдап алдын " дегенде озумо келе албай тан болдум.Кудай сактасын бирок бироонун уруксатсыз буюмуна тийбеш керек экенин биздин деле Ата энелерибиз уйроткон.Ошентип ал созду угуп мен кайненемдин артынан барып айттым "апа мен эмнеге озумдун куйоомдун чонтогунон акча уурдайт элем, мага керек болсо сурап эле алам, анткени мага керектуу нерсени куйоомон акча сурап ошого алам, озум уйдо олтурсам деп аябай капа болгом кайненеме.Мына андан бери торт балалуу болдук бирок ошол нерсе журоко каттуу тийген, эстен да кетпейт.

 

0
Пайдалуу жооп
22.07.2019, 15:45

Сиздин же куйоонуздун капчыгынан алса туура эмес болот. Эгерде куйоосунун капчыгынан алса туура эле, себеби куйоосу экоонун мулку.  Ал нерсе менен сиз ишиниз да болбошу керек. Алар бир уйбуло. Келинимди оз кызымдай корчумун деп жалган суйлобой эле койгула. Оз кызыныздай коргондо эч качан бул посту жазбайт болчунуз. Сиз баланызды келининизден кызганасыз. Ичиниз куйуп эмне кылсам деп ойлонуп журуп ошол нерсени тапкансыз. Баланыздын капчыгы келининизге тиешелуу экенин унутпаныз. 

0
Пайдалуу жооп
22.07.2019, 17:10

Бул уруулук!!!беттен алып эле айтыныз!!!куйосу болсо деле урдаганга болбойт!!!эмитен урдаса анан жашоо татаал болот!!!

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
22.07.2019, 19:39

Акча бербесе алат да ‘ал аялы ‘сиз коп кийлигишет окшойсуз ‘жаны эле уйлонсо алар ойлонушуп озуно келишет ‘тыйын учун уруш чыгаруунун кажеети жок ‘кызыныздай корсонуз мындай кылбайт элениз ‘бар жердин адамдары болсонор ал эч нерсе эмес’ал баланыздын мураскерлерин жарык дуйного алып келе турган адам ‘сиз кийлигишпениз сураныч ‘байкуш келин боорум ооруп атат ‘не повезло ей 

0
Пайдалуу жооп
Б
Бека
22.07.2019, 20:37

Келинигиздин бу адаты,алган акчасына,майда нерселерди алат,  же энесине береби акча коюп байкап коругуз эмнеге коротоорун,байкоо салыгыз,ачуулука эч алдырбагыз, Келинигиз балагыз жакшы акча табаарын билет,эгер бу адатын койбосо кийин крупнный сумма жоголушу мункун.Артынан коп убакыт байкагыз жок дегенде жарым же Бир жыл,Диагноз коюгуз бу чынын да колу тутакбы же жаштыка алдырып азгырыкпы,Бир жолу ачык суйлошуп тушундуруп коругуз,анда да болбосо кетиригиз,себеби уулугуз менен жоро жолдошторуна барса тутактыгын карматып отрса сизге Уят эле.Коп коз  бироксалып андып,бат чечим чыгарып кетирип салыгыз.

0
Пайдалуу жооп
Б
Бека
22.07.2019, 20:43

Бироо келиби жазып жатат Капчык Келин менен балага тиешелуу,деп ал туура эмес,

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
22.07.2019, 22:51

Бул келиндин колу туткак экени байкалып эле турат . Ошон учун кыргызда Келин алып уул уйлордо жети атасына чейин сураштырган. 

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
22.07.2019, 23:07

Уурулук это болезнь. Келининиз сизге Келин болуп кнлгенче деле башкалардан уурдап жургон болуш керек. Ошондуктан уруш чыгарбай акырындык менен тарбиялоо керек.антпесе андайдар эч качан мойнуна ууруулук кылганын алышпайт.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
22.07.2019, 23:10

Бул оору. Сразу уят кылыппы же психологко алып .арыпбы в общем токтотуш керек. Менин женем да ушундай, келгенде кадимкидей сумкаларды катабыз. Агам акчаны укмуш  табат, бирок аялы жакшы болсо соонун оокат кылмак эч эле жарытпаган женем бар.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
22.07.2019, 23:19

Сыртынан байкап жүрунүз , канчалаган келиндер кайынжуртту тоноп качып кетип атышат. Күйөөсүнун капчыгынан да сурап алганга милдеттүү.  А психолог каталашат. Кыргызда каерде жалгыз баланы бөлүп койчу эле. 80жаш дейт имиш, ошо жашка жетеби? Келин деген келиндик кызматты кылыш керек. Өлсө апаларыбыз өлүп калмак го. Кайынжуртту сыйлаган келин гана сыйлуу болот. 

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
23.07.2019, 14:34

Менимче бул жоопту психолог бербеди. Эгерде чындап эле психолог болсоңуз анда сиз өзүңүздүн үстүңүздөн көп иштеңиз.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
23.07.2019, 14:48

Тамчыдан кол жаралат,эне катары тушундуруп койунуз!

0
Пайдалуу жооп
23.07.2019, 15:48

Келдин кылганы уурулук антип ала берсе конуп калып, дагы башкалардыкын уурдай баштайт ошон учун эртерээк чара корулуш керек, токтотуш керек.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
23.07.2019, 16:09

?

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
23.07.2019, 16:59

Психологдун кенеши жакшы болбоду ушу кантип болсун. Ушундай колу туткактар да бар жашоодо

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
23.07.2019, 21:21

Кантип эле озунун куйоосунун акчасыны уурдасын,ишениш кыйынго.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт